Турдиева Хаириниса


Турдиева Хаириниса - акын Хаириниса Турдиева Шинжаң уйгур автоном районунун Чау-Чак шаарында 1944-жылы 15-августта туулган. 1962-жылы Үрүмчү шаарында педагогика институтун бүтүрүп, Кулжа калаасына келип бир жыл мугалим болуп иштеп, шартка байланыштуу 1967-жылы Кыргыз Республикасына көчүп келген.

1970-жылдан Казакстандан чыккан «Уйгур авазы», «Жаңы аят» гезиттерине анын ырлары, аңгемелери, макалалары басылган. 1982–1992-жж. Уйгур маданият борбору Сада секциясында аялдар кеңешинин төрайымы болуп иштеген. Уйгурлардын Иттибак коомунун борбордук совет мүчөсү катары алты жолу сыйланган. 1993-жылдан Мамлекеттик телерадио корпорациясында уйгур берүүлөрүн алып барган.

1990–1995-жж. Бишкек шаарынын Октябрь районунда депутат болгон. 1996, 1998, 1999-жылдары "Жылдын мыкты журналисти" наамга ээ болуп, 2004-жылы Казакстанда Орто Азия боюнча чыккан "Залкар адамдар" аттуу китепке өмүр баяны жазылган, Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын Грамотасына төрт жолу татыган, 2005-жылы Кыргыз радиосунун 75 жылдыгына карата "Кыргыз телерадиосунун отличниги" деген төш белги менен сыйланган. 2008-жылдын 8-декабрында Кыргыз Улуттук телерадиосунун мааракесинде «Отличник» деген медалын алган.«Литература уйгуров Кыргызстана» деген хрестоматияга ырлары кирген.

1994-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери

Үмүтүм менин ата журт. Көркөм адабий китеп. – Бишкек, 1994. – 47 б.

Жан сырым: Ырлар. – Б., 1997. – 40 б.

Уйгур тилинде

Очок башында жазылган ырлар. – Б.: 1993. – 86 б.

Парваз: Альманах. – Казахстан, 1994. – 202 б.

Эненин жүрөгүндө ааламча сүйүү: Аңгеме жана ырлар. – Б.: Аифаль, 2001. – 152 б.

2016-08-10 54 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10