Турдакунова Шарапат


Турдакунова Шарапат - жазуучу, журналист, диктор. Балыкчы шаарында 1947-жылы 1-декабрда туулган. 1966-жылы Караколдогу мектеп-интернатын аяктап, 1966-жылы Актерлор үйүндөгү жаштар театрын уюштуруунун аракетиндеги алгачкы топ менен окуган. 1966-жылдын апрель айынан Кыргыз радиосунда диктор, 1970-1979-жж. Ош облустук телерадиодо диктор болуп иштеп, 1974-1979-жж. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинен билим алган.

1979-1982-жж. Ош облустук радионун бөлүм башчысы, 1982-жылдан Кыргыз улуттук телерадио компаниясында иштеп келген.

Ш. Турдакунова «Ишкер айым» телесынагынын, «Бала тарбиясы жана бүгүнкү күн», «Кырдаал», «Кызматтан кийин аттуу сатиралык клуб», «Бабалардан калган сөз» ж. б. көптөгөн долбоорлордун автору.

2000-жылы «Кыргыз телерадиокомпаниясынын отличниги» наамына, 2004-жылы Кыргыз Өкмөтүнүн Ардак грамотасына, 2004-жылы «Кыргыз маданиятынын мыкты кызматкери» төш белгисине ээ болгон.

1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Толкундар: Аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1980. - 64 б.

Алтын дарбаза: Аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1986. - 72 б.

Аккуулар сени сагынат: Повесттер, пьесалар. - Б.: Бийиктик, 2003. - 192 б.

Чалмакей: Тамашалуу аңгемелер, монологдор, сценкалар, котормолор. - Б.: Бийиктик, 2003. - 64 б.

Үмүтүмдүн каркырасы: Повесть, аңгемелер, пьесалар, монологдор. - Б.: Бийиктик, 2003. - 148 б.

Орус тилинде

Прости меня, незнакомка: Повести, рассказы. - Б.: Бийиктик, 2003. - 152 б.

2016-08-10 83 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10