Тунукташ порфир кени


Тунукташ порфир кени Чүй облусунун Жайыл районунда , Сосновка кыштагынан 47 км түштүк тарапта. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк этегинде жайгашкан. 1967–72-ж. ачылып, геол. изилдөө жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын палеозойдун миндаль түрүндөгү эпилейциттүү шонкинит–порфир жана лейцитофир тоотектери түзөт. Бул таштар кооз түстөгү оймо-чиймелүү. Негизинен кызыл түстө болуп, анын ичинде альбиттин ачык кызыл майда (1 ммге чейинки) данекчелери бөлүнүп турат, ошондой эле эпилейциттин тегерек келген сегиз бурчтуктары кооз көрүнүп, анортоклаздын көгүлтүр боз призмалары нур чагылдырат. Кен чыккан жердин узундугу 300 м, туурасы 50 м. Бул таштан өтө кооз асем буюмдарын жасоого болот. Запасы 421 млн м3.

2016-08-10 51 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10