Туманский Александр Григорьевич


Александр Григорьевич Туманский

- географ, илимпоз, саякатчы.

1920-жылдын 1 декабрында каза болгон Александр Григорьевич Туманскийдин көптөгөн илимий эмгектеринин ичинен биринчи катардагы орундардын бири, эгер аны өзү жасабаса, анын көрсөтмөсү боюнча жасалган ачылышка таандык: ал Я'кубинин арабча географиялык эмгеги менен тааныштырган досу бабид АбулФазл Гульпаегани 1892-ж. Бухарадан автору белгисиз (аноним), перс тилиндеги, азыркы Афганстан аймагында 372/982-83-ж. жазылган жана бизге жеткен мусулман географтарынын эстеликтеринин ичинде Орто жана Чыгыш Азия боюнча өзүнүн маалыматтарынын молдугу менен өтө өзгөчө орунга ээ башка бир географиялык эмгектин кол жазмасын тапкан жана кийинки, 1893-ж. Туманскийге тапшырган. Ушул жаңы ачылган чыгарма Худуд ал-алам («Ааламдын чектери») деп аталып, ошол мезгилде эле окумуштуулардын көңүлүн өзүнө бурса да, азыркы учурга чейин анын бир аз гана бөлүгү басылып чыкты.
Туманский 1893-ж. орустардын Самарканды ээлегендигинин жыйырма беш жылдыгына байланыштуу «Окраина» гезитине Худуд ал-аламдан ушул шаарга тиешелүү үзүндүнү басып чыгарган.
1894-ж. В. А. Жуковский, Туманскийдин уруксаты менен Мервге жана анын чет жакаларына тиешелүү үзүндүнү өзүнүн «Эски Мервдин урандылары» («Развалины старого Мерва») аттуу эмгегинде басып чыгарган. Эски стиль боюнча 1896-жылдын 19-апрелинде 1майда Орус археологиялык коомунун Чыгыш таануу бөлүмүндө Туманский бүт кол жазма боюнча доклад жасаган, доклад кийинки 1897-ж. Бөлүмдүн «Запискилеринде» (X том) «Жаңыдан белгилүү болгон X кылымдын перс географы жана анын славяндар менен орустар жөнүндөгү маалыматтары» («Новооткрытый персидский географ X столетия и известия его о славянах и руссах») деген аталыш менен басылып чыккан. Андан кийин Туманский бул өзү ачкан эстеликке башка кайрылган эмес жана ошол эле учурда илимий максатта пайдалануу укугун башка эч кимге берген эмес.
1894-ж. эле жайында маркум барон Розен, азыр Академиянын Азия музейинде сакталып турган кол жазманын фотографиялык так көчүрмөсүн тарттырган. Ошондо эле ушул көчүрмөдөн үзүндүлөрүн жазып алган элем жана Туманскийдин уруксаты менен кыскача шилтемелер, цитаталар үчүн пайдалана алмакмын, бирок чоңураак үзүндүлөрдү жарыялоого болбойт эле.

Шилтемелер менен цитаталар Туманскийдин аталып кеткен макаласы чыга электе эле «Орто Азияга илимий максат менен барганым жөнүндө отчет.
1893—1894жылдарга» жана кийин бир катар эмгектериме киргизилген, «Отчетто» мен биринчи жолу Туманскийдин кол жазмасы деген аталышты пайдаландым (В. А. Жуковский Туманский ачкан эстеликти «Саманилер географиясы» деп атады). Туманскийдин макаласы менен бирге ушул үзүндүлөр менен цитаталар боюнча, Худуд ал-аламдын маалыматтарын J. Marquart өзүнүн «Оsteuropäische und ostasiatische Streifzüge» (1903) аттуу китебинде анча-мынча пайдаланган жана эмдигиче башкаларга көргөзбөй аяп сактап отурган өзүнө таандык бул кенчти Туманский акыры илим дүйнөсү үчүн кол жете турган кылышын каалагандыгын билгизген. Бул үмүт акталган жок жана ал 1914-ж. чыккан китебинде Маркварт ушул эле окумуштуу кол жазманын ээси дагы эле аны сандыктан чыгарбагандыгына өкүнгөнүн айткан. Маркварт бул кол жазмага шилтеме бергенде мен колдонгондой эле терминди («Anonymus Tumanskijs») колдонгон, демек Туманскийдин ысымы өзү ачкан эстеликтин аталышы менен тыгыз байланышта болуп калган, бирок ал үчүн окумуштуу катары бул аздык кылган. Ушул жаңы табылган баалуу даректи ал өзү которуп, өзү басып чыгарууга ниеттенген, анын айткан сөзү боюнча мага белгилүү болгондой орус илиминин кызыкчылыгы үчүн перс текстинен мурда орусча котормосу чыгышы зарыл деген ойдо болгон. Балким, ушул ойдун таасиринен улам Туманский Худуд ал-аламга эч мүнөздүү эмес жана биз үчүн дээрлик жаңы маалымат деле бербеген эки бапты (славяндар менен орустар жөнүндөгү) өзүнүн макаласына киргизүү менен чектелсе керек.
Эми, кыйла көлөмдүү үзүндүлөрдү жарыялоого тоскоолдуктар жок болгон учурда мен өзүм жазып алган үзүндүлөрдөн, азырынча макала шашылыш болгондуктан текстте гана (котормо жана комментарий узак иликтөөнү талап кылар эле) Ти-бет жөнүндөгү өзгөчө мүнөздүү бапты келтирүүнү чечтим, анда адабияттардан алынган материалдар да пайдаланылгандыгы шексиз, бирок ошол эле учурда биз башка даректерден издеп эч таба албай турган маалыматтар да бар (16а-б-барак): Азыр Туманскийдин кол жазмасы, мага белгилүү болгондой, анын жесиринде, ал орус мамлекеттик китеп сактоочу жайлардын биринин менчиги болуп каларына жана эң кур дегенде бул баалуу эстелик кол жазманын түп нускасы боюнча же барон Розендин көчүрмөсү боюнча Россияда басылып чыгат, которулат жана изилденет деп ишенем.

2016-08-10 47 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10