Туман


Туман – жерге жана суу бетине жакын белгилүү бир шарттарда пайда болгон абадагы суунун өтө майда тамчыларынан (же муздун майда кристаллдарынан) турган масса. Туман жер бетинен башталат да, бийиктиги 10 метрден бир нече ондогон метрге чейин көтөрүлөт, ал эми горизонталдык көрүү аймагын бир метрден бир нече метрге чейин чектеп коёт. Ушул эле кубулуштун атмосферанын жогорку катмарында ишке ашканы «булут» деп аталат. Туман ар кайсы убакта пайда болушу мүмкүн: эртең менен, түштө же кечинде.

Көбүнчө саздак жерлерде же нымдуу жерлерде пайда болуп, ойдуң жерлерде ал көпкө кармалат. Негизинен, тумандын пайда болушу, бардык эле табигат кубулуштарындай, өтө татаал кубулуш болуп эсептелет.

Айлана шамал сокпой тынч турганда суу бети да мемиреп тынч болот. Бирок, бул – көзгө көрүнгөн гана жагы. Себеби, дал ошол учурда суу бетинен миллиондогон суу молекулалары абага көтөрүлүп, буулануу процесси жүрүп жаткан болот. Табигый буулануу кубулушу – бардык температурада жүрө берүүчү кубулуш.

Тумандын пайда болушу буулануудан башталат. Суудагы айрым молекулалар башка молекулалардын тартылуу күчүн, башкача айтканда, молекулалардын өз ара тартылуу системасын «жеңип», жогору карай умтулат да, абага учуп чыгат. Ошентип, буулануу процесси тынымсыз жүрүп турат. Суу буусу газ абалында болгондуктан, мындай буулануу кубулушу нөлдөн жогорку температурада көзгө көрүнбөйт. Алар чогулуп туманды пайда кылганда гана, андагы майда тамчылар жарыкты чагылдырып, ошондон улам ал агарып, көзгө көрүнөт.

Биринчиден, ал молекулалар абага чыгып, аба молекулалары менен же башка суу молекулалары менен кагылышып, бириге башташат. Температуранын белгилүү бир деңгээлде муздашынан улам молекулалардын мындай биригиши суунун абдан майда тамчыларын пайда кылат. Майда тамчылардын радиусу, болжолу, 1 микрометрден 60 микрометрге (микрометр = 10-6) чейин болот. Алардын көпчүлүгү жылуу абада 5-15 микрометр, муздак абада 2-5 микрометр көлөмгө ээ болот. Абадагы суу буусунун өтө майда тамчыларга айланышы температуранын улам төмөндөшү менен тездейт. Бул конденсация кубулушу деп аталат.

Экинчиден, өтө майда тамчылардын пайда болушу үчүн конденсация ядролору болушу керек. Башкача айтканда, суу буусунун молекулаларынын топтолушун ишке ашыра турган нерсе болушу керек. Негизинен, анын кызматын иондор, абадагы түтүн, ыш же чаңдын майда бөлүкчөлөрү аткарат. Суу буусунун молекулалары алар менен биригип отуруп, өтө майда тамчыларга айланат. Ошондуктан, эл көп отурукташкан шаар жергесинде же айыл четтеринде, өндүрүш борборлоруна жакын жерлерде абанын булганышы тумандын пайда болушун шарттайт. Ачык талаа же түздүктөргө караганда мындай жерде туман коюу жана туруктуу абалда болот. Илимпоздордун айтымында, күйүүчү заттардын калдыктары көп чыккан жерде конденсация ядролору 100 эсе көп болот. Тумандын пайда болушу конденсация ядролорунун жыштыгына гана эмес, суу буусунун тыгыздыгына да көз каранды. Бул эки нерсе аймакка жана убакытка карай өзгөрүлүп тургандыктан, тумандын «жүрүшү» да бирде коюу, бирде сейрек болот.

Эсептөөлөргө караганда, тумандагы суунун көлөмү, болжолу, 0,3 г/м3 болот. А өтө коюу туманда бул көрсөткүч 1 г/м3 га чейин жетет. Албетте, бул көрсөткүч арзыбагандай көрүнөт. Бирок, аянты 5 км2 болгон жердеги бийиктиги 10 метр келген туманды алып карасак, эсептөөлөрдөн олуттуу сан чыгат. Мында тумандын жалпы аянты 5х107 м3болуп калат. Андагы суунун тыгыздыгы 0,1 г/м3 болгондо, абада 5х103 литр суу учуп жүргөн болот. Бул көлөмдөгү суу аталган жерди сугарууга жетет.

Негизинен, тумандын пайда болушуна карата экиге бөлүп карашат: буулануудан пайда болгон туман жана абадагы суу буусу муздаганынан улам пайда болгон туман. Биринчиси, жылуу температурадагы суудан же нымдуу беттерден бууланып, муздак аба менен аралашуудан улам конденсацияланып, натыйжада туманды пайда кылат. Экинчиси, ошол эле абада болгон суу буусунун муздак бетке (суунун бети, жердин, кардын бети) тийүүсүнөн улам муздап, суу тамчыларына айланып, туманды жаратат. Бирок, шарттуу түрдө ушул эки жол менен пайда болот дегенибиз менен, натыйжасы бирдей эле: эки учурда тең абадагы суу буусу конденсация кубулушунан улам өтө майда тамчыларга айланат.

Туман өтө айырмаланган өзгөчө түскө ээ эмес. Чынында, боз, агыш-көк, ак-саргыч түстө болот. Табигый таза жерлерде, мисалы, токойлордо, ачык талааларда, көлдөрдө, деңиздерде тумандын түсү агыш-көк түстө болот. Мындай туманды түзгөн өтө майда тамчылардын негизин суу бууларынын молекулалары түзгөндүктөн, көлөмү боюнча майдараак болот да, кыска толкундуу түстөрдү көбүрөөк чагылдырат. Ошондуктан, сейрек туман агыш-көк түстө болот. Ал эми шаарда конденсациялык ядросунда абадагы түтүн, ыш же чаң бөлүкчөлөрү басымдуулук кылган, салыштырмалуу чоңураак көлөмгө ээ болгон өтө майда тамчылар көзүбүз кабыл алган түстөрдү толук, текши чагылдырат да, агыш же боз түстө болот. Атүгүл, кээде киргилт болуп, саргыч түстө болот.

Туманды окумуштуулар ар кандай өзгөчөлүктөрүнө жараша бир нече топко бөлүп карашат. Мисалы, сейрек туман, фронталдык туман, кургак туман.

Сейрек туман абадагы суу тамчыларынын бири-биринен салыштырмалуу алыс жайгашкан, башкача айтканда, сейрек таралган, көрүү аралыгын аз гана чектеген туман болуп эсептелет. Сейрек туман көбүнчө таңга маал, эртең менен байкалат.

Фронталдык туман болсо атмосферадагы аба катмарларынын чектешкен жерлеринде (муздак аба менен жылуу аба агымдарынын кездешкен жерлеринде) пайда болот.

Кургак туман болсо кадимки эле тумандай, бирде жогору жактан байкалса, бирде жерди «кучактап» жатып алган окшоштугуна карата шарттуу түрдө аталган кубулуш. Башкача айтканда, туманды суу буусунун тамчылары эмес, абадагы түтүн, ыш жана чаңдардан турган масса пайда кылат. Тумандын мындай түрү, жогоруда айтылгандай, көбүнчө шаарга жакын жерлерде же айыл сыртында кечкурун пайда болуп калат. Бул тумандын түсү да киргилт-саргыч же киргилт-боз болот.

2016-08-10 79 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10