Тулеев Нариман Ташболотович


Тулеев Нариман Ташболотович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты.
"Ата-Журт" депуттаттык фракциясынын мүчөсү.
Улуту - кыргыз.
Үй - бүлөлүү, 5 баланын атасы.
1963-жылы 24-декабрында Бишкек шаарында туулган.
Билими жогорку.
1985-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун "инженер-куруучу" адистиги боюнча аяктаган.

Өзүнүн эмгек жолун 1985-жылы Нарын МККсында мастер болуудан баштаган.
1986-1990жылдары КР ЛКСЖсынын Тянь-Шань районунунда комсомолдук иште, Кыргызстан ЛКСЖсынын Ысык-көл ОКсында, ВЛКСМдин Оренбург ОКсында иштеген.
1990-2001-жылдары жеке ишкананын жетектеген.
2001-2005-жылдары башкы инженер "Темир" мамлекеттик ишканасынын директору болуп иштеген.
2005-жылдан 2008-жылдын июлуна чейин "Кыргызтемиржолу" "Улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасын жетектеген.
2008-жылдын 14-июлунда Кыргыз Республикасынын Шаардык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясында Н. Т. Тюлеевдин талапкерлиги Бишкек шаарынын мэрлик кызматына талапкерлиги бир добуштан кабыл алынган.
2010-жылдын октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына "Ата-Журт" идеалисттик демократиялык саясий партиясынан тизме боюнча депутат болуп шайланган.

"Чек ара кызматташтыгын бекемдиги үчүн" КРнын чек ара кызматынын медалы менен сыйланган.
2007-жылдын апрелинде "Даңкы медалы менен сыйланып, 2008-жылдын майында "Ардактуу темир жолчу" наамын алган.
КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн темир жол транспорту боюнча кеңешинин Баку шаарында болуп өткөн 47-жыйналышында катышкан.
Нариман Тюлеевдин Кыргызстан темир жол транспортуна гана эмес, бүтүндөй бардык тармактарга, ошондой эле соода-өнөр жай байланыштарын өнүктүрүүгө кошкон салымын "НК КТЖ" МИсынын ошол учурдагы жетекчиси, "Россия темир жолдору" АКсынын башкы директору Владимир Якунин белгилеп, Россия темир жолунун 170 жылдыгынын урматына карата ардактуу медаль менен сыйланган.
2008-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен," Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси" класстык чени ыйгарылган.
2009-жылдны октябрынан Кыргызстан архитекторлор бирлигинин ардактуу мүчөсү, ошондой эле 2009-жылдын 19-ноябрында Жогорку Кеңештин уюшулгандыгынын 70 жылдыгына арналган юбилейлик медаль менен сыйланган.

2016-08-10 48 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10