Туюкту-Арча бериллий кени


Туюкту-Арча бериллий кени Талас облусунун Бакай-Ата районунда, Талас Ала-Тоосунун борбордук бөлүгүнүн түндүк капталында, Туюктуарча кургак сайынын оозунда, деңиз деңгээлинен 1650–2020 м бийиктикте. 1959–63-ж. чалгындалып, запасы эсептелген. Кен аймагы, күмүштаг гранит массиви менен жирелип чыккан жогорку протерозойдун терриген катмарынан түзүлгөн. Бериллий рудасы экзоконтактыда кумдук-алевролит катмарындагы кварц-талаа шпаттуу тарамдар жана тарамчалар менен байланышкан. Тарамдар аянты 1350400 м болгон штокверкти түзөт. Бериллий кычкылынын орточо өлчөмү 0,06%, кээ бир участкаларда 0,103%ке чейин жетет. Руданын запасы С1 категориясы боюнча – 5747 миң т, С2–5921 миң т, болжол ресурсу – 5000 миң т. Бериллий кычкылынын запасы: С1 – 3448 т, С2–3304 т, болжол ресурсу 2500 т.

2016-08-10 37 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10