Туюк (дарыя)


Туюк суусу

Туюк суусу–Ысык-Ата суусунун оң куймасы. Узундугу 30 км, алабынын аянты 190 км2. Суу Кыргыз Ала-Тоосун дагы Туюк ашуусунун сол тарабындагы мөңгүдөн башталып, кууш капчыгай аркылуу агат. Алабынын деңиз деңгээлинин бийиктиги 3200 м. 16га жакын чакан куймасы бар, эң ириси–Көкмойнок ( 2 1 км), ал мөңгүдөн башталып, Жашылкөл, Аккөл, Каракөл, Көкмойнок көлдөрү аркылуу агып өтөт. Куралуу облусуна кирет. Негизинен кар, мөңгү жана булак сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 2,60 м3/сек, эң көбү июнь–июлд а, э ң азы январь–февралда байкалат. Өрөөнү жайыт. Сугатка пайдаланылат.

2016-08-10 32 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10