Трудовой калай кени


Трудовой калай кени Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Эңилчек тоосунун түштүк-батышында, деңиз деңгээлинен 2900–4100 м бийиктикте. 1962-ж. ачылган. 1963–88-ж. чалгындалып, запасы бекитилген. Кен аймагы жогорку силур – төмөнкү девон мезгилинин жанартоо-терриген-карбонат катмарларынан жана палеозойдун аягында аларды жиреп чыккан граниттерден түзүлгөн. Руда заттардын көбү граниттерде жайгашып, касситерит, шеелит жана вольфрамит минералдары бар кварцтан, кварц-турмалинден, турмалин тарамдарынан турат. Руда тилкесинин узундугу 48–768 м, калыңдыгы 0,53–2,36 м, калайдын орточо өлчөмү – 0,64%, вольфрамдын үч кычкылы – 0,38%. Запасы калайдыкы С1+С2–149,1 миң т, вольфрамдыкы С1+С2 – 95,6 миң т.

2016-08-10 41 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10