Трагедиялуулук


Трагедиялуулук – көркөм искусстводо – карама-каршы күчтөр, кумарга берилгендик, идеяларды алып жүрүүчү каармандардын келишпес конфликттерин сүрөттөө, эки тараптын бир жагынын каарманынын өлүмү менен аяктаган, алардын курч көрү­нүшүн чагылдыруу. Көркөм сүрөт искусствосунда Т-ка К. Брюлловдун «Пергам алптарынын» чоң фризи, «Помпеинин акыркы күнү», В. Суриковдун «Аткычтарды дарга асуудагы таң» картиналары мисал болот. Көп учурда трагедиялык конфликт социалдык карама-каршылыктардын негизинде пайда болот, анын башаты болуп бири-бирине кас таптардын кагылышуусу, аскердик кагылышуулар, инсан менен коомдун үстөмдүк кылган күчтөрүнүн теңсиз көрүшү эсептелет. Т. түшүнүгүн антик драматургдары киргизишкен, алардын чыгармаларында сөзсүз болуучу трагедиялык идея сокур тагдыр, ырайымсыз жазмыш түрүндө сүрөттөлгөн. Марксисттик эстетика трагедиялык конфликтти белгилүү бир тарыхый мыйзам ченемдүүлүктөрдүн натыйжасы катары карайт, ал эми каармандын өлүмү, эгерде ал жасаган иш туура болуп, өзүнүн тарыхый мааниси белгилүү бир коомдук күчтөр үчүн типтүүлүгүн жоготпой, адамдардын тилектештигин чакырса гана ал трагедиялуу болуп кабыл алынат. Трагедиялык каарман эң алдыңкы коомдук тенденцияларды алып жүрүүчү да боло алат, бир учурда анын өлүмү ага кас күчтөрдүн утурумдук убактылуу жеңишин көрсөтөт. Коркунучтуу, өтө таасир калтырган окуяны, коомдук же жеке катастрофаны, адамдын азап чегүүсүн сүрөттөө да Т. деп аталат. (мисалы, Микеланджелонун «Кулдары»).

2016-08-10 74 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10