Товардын бажылык наркы


Товардын бажылык наркы – КР бажы мыйзамдарына ылайык, жарнак ээси тарабынан аныкталган жана төмөнкү максатта колдонулуучу товар наркы: товарга алым салуу, тышкы экономикалык жана бажы статистикасы, соода-экономикалык мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуунун башка чараларын колдонуу (тышкы соода бүтүмдөрүнө жана алар боюнча банк эсебине валюталык көзөмөл жүргүзүү менен кошо). Т. б. н-н аныктоо тутуму (бажы баалоосу) эларалык тажрыйбада кабыл алынган бажы баалоосунун жалпы принциптерине негизделип, КР бажы аймагына ташылып келинген товарларга тийешелүү болот. Т. б. н-нын тууралыгы тийешелүү КР бажы органдары тарабынан аныкталат.

2016-08-10 41 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10