Тото уулу Көкөтөй


Тото уулу Көкөтөй - чечен, сөз чеберлеринин бири.

Көкөтөй 1849-жылы Нарындын Миң-Булак деген жеринде кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Анын отузга чыкканга чейинки өмүрү жарды-жарчылыкта, кой кайтарып, жылкы багуу менен өтөт.

Ушул мезгилде эле көбүн эсе куудулдук мүнөзүндөгү окуяларды жаратат. Бала кезинен кепке-сөзгө ынтызар, байдын үйүнө келген коноктордун ар бир айткан сөздөрүн угуп, бардыгын эсте сактап калууга дилгирленген. Көкөтөйдүн жинине тийип коюп, шылдың болуудан чочулап, эби келсе өз жагына тартып, сөзүн сүйлөтүп, каршысынын беделин төмөн түшүрүп, өз зоболосун, атак-даңкын көтөрүүгө аракеттенишкен. Бул учурда учурда да ал чындыкты бурмалап, кара өзгөйлүккө салбастан, манаптын ата-тегин, уруу "мыктылыларын" калыс сындаган. Көкөтөй эл турмушунун чордонунда жарды-жалчылыкта өсүп чыккан адам болгондуктан шаан-шөөкөттү, ашыкча каада-салтты көп жактыра бербей, карапайым адамдарды өз мүмкүнчүлүгүнө жараша тиричилик кылууга үндөгөн. Мисалы, бир кунү агасы бир аз жандык күтүү менен байларга теңелип, Мекеге бармак болгонун укканда: "Меккеге бай-манаптар, мал-жандуу кишилер барат. Мекедеги арабдардын өтүкчүсү түгөнүп калып, сени өтүк ултарып берсин деп чакырып жатыптырбы"? - деген.

Анын өмүрүнүн акыркы мезгили же айлары 1916-жылдагы кыргыз элинин тарыхындагы кыйын кезеңге туш келет. Өзүнүн катуу оору экендигине карабастан, алын сурап келгендерге: "Кайран элим, какыраган кара ташка, апийимчи кытайларга барып кандай күндү көрөр экенсин?" - деп кыргыз элинин келечеги жөнүндө кам көрүп жатып көз жумган.

2016-08-10 83 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10