Тосор өрөөнү


Тосор өрөөнү Тескей Ала-Тоонун түндүк этегинде. Ага атташ суунун алабын ээлейт. Тоң, Жети-Өгүз оодандарынын аймагында. Узундугу 30 чакырым, туурасы 2 чакырым. Таманынын эң бийик жери 3680 м, эң жапыз жери 1620 м (Ысык-Көлгө куйган жерде). Өрөөн эрозиялык-тектоникалык жол менен пайда болгон. Төртүнчүлүк мезгилдеги муз каптоодон пайда болгон морена рельефи Тескей Ала-Тоонун этегинен баштап, Тосор суусунун жана анын куймаларынын өрөөндөрүнө чейин тараган. Негизинен протерозойдун интрузия (адамеллит, гранит-диорит жана гранит) тектеринен түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик. Үчтүнтүн айынын(январь) орточо температурасысы өрөөндүн жогорку бөлүгүндө —10...—12°С, төмөн жагында –2,5...–5°С, кулжа айынын (июль) 15–16°С. Жылдык жаан-чачыны 300–500 мм. Өрөөнгө жарым чөл, кургак талаа (2300 м бийиктикке чейин), талаа, токой менен бадал аралашкан шалбаалуу талаа (2300–2900 м), андан жогору субальп жана альп шалбаалуу талаасы, шалбаа ландшафттары мүнөздүү. Чабынды жерлери бар, жайыт. Тосор өрөөнү аркылуу Ысык-Көл өрөөнүн Арабел сырттары менен байланыштыруучу (Тосор ашуусу, 3893 м) авто жолу өтөт.

2016-08-10 38 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10