Торгой-Дөбө көмүр кени


Торгой-Дөбө көмүр кени Ош облусунун Өзгөн районунда, Мырзааке кыштагынан 20 км түндүк тарапта, Зындансуу жана Улуучат сууларынын ортосундагы чокуда. Кен 1939-ж. белгилүү. 1987–90-ж. изилдөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Зындан свитасынын минтур көмүрлүү катмарчасында 3 кабат белгилүү. Алардын ичинен үстүнкү кабат өнөр жайлык мааниге ээ. Анын калыңдыгы 0,7 мден 4,0 мге чейин, орточо калыңдыгы 2,62 м. Көмүр сапаты боюнча Таш-Көмүрдүн газдуу (Г) маркасына кирет, орточо күлдүүлүгү 10,8%, күйүү жылуулугу 34,32 МДж/кг (8199 ккал/кг). Запасы С1 категориясы боюнча 469 миң т.

2016-08-10 35 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10