Топурак-Бел целестин кени


Топурак-Бел целестин кени Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Жалал-Абад т. ж. бекетинен 18 км батышта, деңиз деңгээлинен 850 – 1020 м бийиктикте. 1958-ж. изилденген. Целестин рудасы жогорку бор мезгилинин чопо жана кумайлуу-чопо катмарына туташ келет жана калыңдыгы 0,2 – 1,5 м, узундугу 20 – 500 мге созулган целестин катмарчасын жана линзасын ичине камтыган үч руда тулкусу табылган. Өнөр жайлык мааниге стронций кычкылынын өлчөмү 0,9дан 53,2%ке чейин болгон биринчи руда тулкусу ээ. Целестин желвак жана чачынды түрүндө кездешет. Целестиндин запасы С1 категориясы боюнча 100 миң т.

2016-08-10 68 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10