Тоң Йокук


Тоң Йокук – Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын кол башчысы, Күл тегиндин на - саатчысы. Тоң Йокукка арнап тургузулган эстелик 1897-ж. Е. Н. Клеменц тарабынан табылып, 1898-ж. В. В. Радлов тарабынан которулган. Эстелик Тола суусунун (Моңголия) оң жээгиндеги Налайха менен Улан-Батордон 66 км түштүк-чыгыш жагындагы Боло-Цокто коктусунан табылган. Тоң Йокуктун эстелигине Күлтегиндин эстелигиндегидей эле жазуусу бар орнаменттер менен кооздолгон мрамор тактайлар, адам кейпи чегилген сегиз балбал таш ж. б. кирет. Тоң Йокук түрктөр кытайдын Тан династиясына убактылуу көз каранды болуп турганда Табгачта (Кытайда) билим алган. Ал Капаган кагандын тушунда аскер башчы катары Түрк кагандыгынын Борбордук Азиядагы бийлигин калыбына келтирүүгө өтө дилгирлик менен катышкан. 709-ж. Саян тоолорунда, Енисей өрөөнүндө жашаган кыргыз, чик, аздар кагандыкка каршы өз ара келишим түзүшкөн. Бирок, Тоң Йокук менен Кутлуг жана Капаган кагандарынын уулдары баш болгон түрк армиясы аларды жеңип алган. Бул жүрүш тууралуу Орхон-Енисей эстелигинде мындай деп жазылган: «Биз күндүр-түндүр тынымсыз жүрүштө болдук. Биз кыргыздарды уктап жаткан жеринен бастык. Жолду найза менен жасадык. Алардын аскери жана ханы чогулду. Биз аларды жеңдик. Ханды өлтүрдүк. Кыргыз эли каганга кошулду жана баш ийди. Биз Көгмөн тоосун айланып өтүп, кыргыздардан кайтып келдик». Тоң Йокукка Бойла-Бага-Тархан титулу ыйгарылган Билге-кагандын (716–734) доорунда Күл тегин жана анын кеңешчиси Тоң Йокук түргөштөргө, карлуктарга, кыргыздарга каршы согушуп турган. Эстеликте: «Табгач (Кытай) каган жообуз эле, он ок каганы жообуз эле, өзгөчө Кыргыз каганы күчтүү жообуз болду...» деген саптар бар. Тоң Йокуктун аскердик жетекчилиги менен кыргыздар, түргөштөр, кытайлар (табгачтар) Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгына баш ийдирилген.

2016-08-10 103 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10