Тоо


Бабаларыбыз "тоо" чыгып, садага чаап, конуп-түнөп, анын ээсине тайынышкан. Сактардын доорунда Теңир Тоодогу «Саймалуу-Таштагы», Алтайдагы, Аглактагы, Монголиядагы Хайт Ценхер үңкүрүндөгү чийме сүрөттөр буга күбө. Илгерки санжыраны, оозеки чыгармаларды жана жазма тарыхты изилдесек, кыргыздар Теңир Tоо, Алай, Алтай, Көгмөн (Саян) тоолоруна тайынышып-сыйынышып, сайраң (майрам) өткөрүшкөн экен.

Анткени кыргыздар Алтайды «Алтай-Кудай», ыйык Tоо жана бейиш жер катары көрүшкөн. Ага жетүүнү самашкан. Ала-Тоодон Алтайга, Көгмөнгө нечен күндөп, ат соорулап айлап жол жүрүп келип, аны бир көрүп кетүүнү, сыйынууну сыймык жана парз көрүшкөн бабалар.



Ала-Тоолуктар Алтайды «алты ай» деп жол жүргөн күндүн санагы катары жорубастан, «Алтын ай» деп, алтындуу аймак катары, жердин соорусу деп эсептешкен. Алтайды эңсеген нечен ырлар, дастандар, күүлөр чыгарылган. Теңирчилик дининде кыргыздар Улуу Tоо ыйык дешип, аны ниет-тилектин, акылмандыктын, сулуулуктун туу чокусу катары ардакташкан. Кыргызда бакшылык доорунан берки нур сөз бар: «Улуу тоого чыккан барбы, улардын үнүн уккан барбы?». Бул максатына жеткендердин рухий дүйнөсү таза жана ыйык болушканын далилдейт.



Байыркы бабалар булут баскан Улуу "Тоо" сыйынышкан. Асман тиреген ак карлуу чокусун Аскар тоолордун ээси дешкен. Ар бир уруунун бакшылары эзелтен Улуу Тоого устаты менен кошо чыгып, ага жасаган дабын көрсөтүп, чимирилте кагып, ак чачып, арча күйгүзүп, аластап табынып, сындан өтүшкөн. Улуу тоого чыккан кыргыздар малга-жанга жана элге жакшылык, ынтымак, ыйман, береке, өмүр жана бейпилчилик тилеген. «Тилесең тилек кабыл келет» дегенди айтып келишкен. Бабаларыбыз улуу инсандарынын сөөктөрүн, кабырын кыл чокуга, тоо бетине коюшкан.



Байыркылар өздөрү колдоочуларыыын, пирлеринин, ыйык туткандарынын элесин, кыймыл-аракетин ташка чегишкен. Тоого канчалык көп сыйынышса, ошончолук жакшылык берет деп ишенишкен. Tоо жөнүндө өтө кооз уламыштар менен болумуштарды чыгарган. "Тоо" касиетин билгендер ыйык тоонун жан-жаныбарларына аңчылык жасашкан эмес, а тургай анын жанынан кыйкырбай, сөгүнбөй, кобурабай өтүшкөн.

Жайгаштыруу: 2017-08-11, Көрүүлөр: 429, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11