Томого жана томпой


Томого жана томпойТомого — «Томогосун кийген бүркүттөй, Той берген жерде шаңшуучу» (Байдылда). Бул алгыр куштардын көзүн жаап коюучу тоголок тарткан булгаары бөрк. Кушка туурга (үйдө) отурганда жана ууга чыгарда кийгизилип, аңга салынаарда башынан алат. Булгаарыны же көндү (кол булгаары) алып, эки бөлүк кылып, топудай тегерек бычат да, экөөнү беттеп, тарамыш жип аркылуу кайып тигет. Чеберлер мунун төбөсүндө сыйдаланган булгаары чачыгын-чогун жасайт. Алкымы сагакталат. Томогонун өзүнө тегерете күмүштөн жана жезден жакшынакай шөкөттөр чабылат. Ал көркөмдүктөр көрчөгөлөргө окшошуп турат.

Томпой — «Үйүрө кармап томпойду, Чийинди басып оңтойлуу, Топтошуп турган чүкөнү, Шыкаалап туруп бир койду» («Манас»).Ал — абалактын бир түрү. Мунун «ордо оюну» үчүн эң мурун чыккандыгы элдик эпостордо даана айтылат. Кыргызстандын айрым аймактарында (Түштүк Кыргызстанда, Таласта, Чүйдө ж. б. ) «Ордо оюну» азыр да томпой менен ойнолууда. «Ордо» томпоюн жасаган чеберлер да бар. Ордо атууга оң томпой керек. Айрым сологой ордочуларга сол томпой жасалат. Натыйжада, мында «оң томпой», «сол томпой» деп айтыла берет.

Ордо томпоюн жасоодо бөктүн үстүн жана эки жанын бычак сырты кылып чабат. Демек, алчысы терең эмес, тогологураак барып тууралжын тарткан томпойлор тандалат. Ордо томпою үчкө бөлүнөт: чийки томпой оорураак келет. Куу томпойду талаадан тандап алат. Боз томпой бышкан жиликтен алынат. Негизи атан төөнүн чийки жилигинен омкоруп алган томпойдой болбойт. Ошондуктан, төөнүн, жүз уйдун томпоюнан иргелип отуруп, бири тандалат.

2016-05-20 296 Кол өнөрчүлүк Жыргалбекова С. 2016-05-20