Токтораалы Талканбай уулу


Токтораалы Талканбай уулу. Жазгыч акын Токтораалы Талканбаев 1869 – жылы азыркы Сокулук районуна караштуу Токбай айылында туулган. Ата – энеси өтө жарды адамдардан болушкан. Токтораалы жаш кезинен турмуштун көп оор түйшүктөрүн тартканын ырларынын биринде мындайча эскерет:
Салгыла кулак сөзүмө
Көрүнгөн баары көзүмө.
Далай залим камчы урган
Жаш кезимде өзүмө.
"Бир жылы – дейт, акын өзүнүн бир эскермесинде, - Тезек Муңайтпас уулу дегенден он сом алып, убактысында таап бере албагандыгым үчүн төрт жыл дегенде бир ат, бир өгүз, отуз сом акча менен араң кутулдум. Бул жалаң Токтораалынын турмушундагы көрүнүш эмес, ошол мезгилде кедей – кембагалдарды зарлантып, жокчулуктун торуна бекем чырмаган адилетсиз эзүүнүн бир жолу эле. Эзүүчү таптар "сүткө берген" акчалары аркылуу "кедейди мал кылып күтүп алууга" аракеттенишкен. Октябрь революциясынан кийин гана Токтораалы оор эзүүдөн кутулуп, жыргалдуу турмуштун үзүрүн көрүүгө жетишти. Коллоктивдештирүү мезгилинде, кулактарды тап катары жоюуда Токтораалы Талканбаев учурдагы милдеттерди түшүндүрүп, социалисттик курулушту курууда активдүү күрөшсө, согушка чейинки беш жылдыктарда жана Ата Мекендик согуш мезгилинде өз көркөм сөзү менен совет элин жаңы жеңиштерге шыктандырды.
Т. Талканбаевдин чыгармачылыгы Октябрь революциясынан көп илгери башталган. Ал өзүнүн бир ырында:
Казал жазам жашымдан,
Ар иш өткөн башымдан.
Түрлүү жапа көргөмүн,
Жакын, алыс касымдан, -
дейт. Демек, акындын бул ырдагы эскертүүсүнө караганыбызда анын жаш кезинен эле ыр чыгарып, казал жазууга киришкенин көрөбүз. Токтораалы Талканбаедин чыгармачылыгы Октябрь революциясына чейин башталгандыгын анын айрым чыгармалары да ачык далилдейт. Мисалы, кожо – молдолорго арналып жазылган ыры, автордун эскертүүсүнө караганыбызда, 1990 – жылы жазылган. Бирок, тилекке каршы, Т. Талканбаевдин Октябрь революциясына чейин жазылган ырларынан ушул чыгармадан башкалары бизге жеткен жок. Азыркы биздин колдогу ырлары дээрлик Октябрь революциясынан кийин автор тарабынан кагазга түшүрүлүп, 20 – жылдарда республиканын билим комиссиясына тапшырылган, айрымдары ушул жылдардын аралыгында "Эркин Тоо", "Кызыл Кыргызстан" газетасында, акын ырчылардын ырларына арналган эң алгачкы "Кызыл гүл" аттуу жыйнактары жарык көргөн Токтораалы Талканбаевдин ырларынын көпчүлүгү да 20 – жылдарда жана 30 – жылдардын баш ченинде жазылгын. Чыгармаларынын мазмунун ошол мезгилдеги окуялар, социалисттик курулуштун түрдүү процесстери түзгөн. Бул жылдары эзүүчү таптар кылымдар бою караңгынын торунда оор түйшүктөрдү тартып келген эмгекчилердин аң - сезидеринин али төмөндүгүнөн, учурдагы окуялардын маанисине жеткилең түшүнбөгөндүктөрүнөн пайдаланышып, аларды өз таасиринде кармоого, Совет бийлигине каршы курал кылып колдонууга аракеттенишкени белгилүү. Ушул айыгышкан жылдары айланасындагы окуяларга туура ба берип, өз чыгармасында баарынан мурда эзүүчү таптардын талоончулук саясатын айгинелөөгө умтулду. Т. Талканбаев ар дайым өз элинин тилегин тилеп, оюн жактаган чындыкты бетке айткан акын болгон. Ал кожо – молдолор сыяктуу дин өкүлдөрүн өтө жек көргөн. Алардын жүрүм – турумдарын көп сынга алган. Т. Талканбаев жалаң өз элинин оозеки чыгармачылыгы менен гана эмес, башка чыгыш элдеринин адабияты менен да тааныш болгон. Анын ырларынан араб, фарсы, өзгөчө казак адабиятынын айрым белгилери, таасири ачык сезилет. Акындын көп ырлары "Кыргыз тили менен өлөң", "Аз гана өлөң" деп атаганындай казак элинин адабиятында кеңири кездешүүчү өлөң формасында жазылган.
Кыскасы, Токтораалы Талканбаев кандай адабий формада, кандай түрдө жазбасын, баарында өз элинни ой – максатын, тилегин таасын чагылдырууга далалаттанган. Ал, өзү айткандай, эки кылымда жашап, эски замандын оор түйшүгүн катуу тартып, советтик доордо бактыга кандай бөлөнсө, ар кыл тематикадагы ырларында да бай – манаптардын адилетсиздигин ашкерелеп ырдады. Акындын курч сатиралары, агитациялык ырлары өз учурунда эмгекчилердин таптык сезимин ойготуп, кыраакылыгын арттырууда, социалисттик коомдун артыкчылыгын көрсөтүп, эски адатка каршы күрөшүүгө, жаңыча эмгектенүүдө, адептүү жүрүм – турумга тарбиялоодо чоң мааниге ээ.

2016-08-10 58 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10