Токтогулов Исабек


Токтогулов Исабек - акын жана журналист. Токтогул районунун Алмалуу айылында 1944-жылы туулган. М. Горький атындагы жети жылдык мектепти, андан кийин райондун борборундагы И. В. Сталин атындагы орто мектепти бүтүргөн.

Адегенде Ала-Бука райондук сотто катчы, кийин Терек-Сай сурма фабрикасында слесарь-оңдоочу, «Колхоз турмушу» гезитинде тамга терүүчү, адабий кызматкер болуп иштеген. Ошол мезгилде фабриканын алдыңкы жумушчулары жөнүндө макалаларды, ар кандай ырларды жазып, басма сөз беттеринде жарыяланган.

1968-жылы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунун агрономдук бөлүмүн бүтүргөн.

1970-жылдан чыгармачылык ишке биротоло киришип райондук «Учкун» гезитинде бөлүм башчы, 1981-жылы Талас облустук «Ленин Туусу» гезитинде, 1982–1986-жж. «Советтик Кыргызстан» гезиттеринде өз кабарчы болуп кызмат өтөгөн. 1986-жылдын 25-октябрынан ушул кезге чейин Токтогул райондук «Шамшыкал» гезитинде башкы редактор болуп иштеп келет.

1989-жылдагы Бүткүл Союздук эл чыгармачылыгы боюнча Токтогул поэзия күндөрүнүн экинчи фестивалынын лауреаты. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын «Кубан бөбөк» топтомуна ондогон ырлары, жомоктору киргизилген. Бир нече Ардак грамоталардын ээси.

1979-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 2003-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Арзуу саптары: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1981. - 24 б.

Өрүккө илинген ай: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1985. - 20 б.

Сыргалуу жаз: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1990. - 54 б.

Абаздуу аалам: Уламыштар, ырлар. – Б.: Айат, 2002. - 304 б.

Ышкы белестери: Ырлар жана поэмалар. – Б.: Айат, 2003. - 286 б.

Кыргызым – бийик жылдызым: Ырлар, поэмалар. – Б.: Айат, 2004. - 286 б.

Жылан менен куркулдай: Ырлар, жомоктор. – Б.: Айат, 2006. - 24 б.

Ташкитеп: Ырлар, поэмалар, уламыштар. – Б.: Айат, 2007. - 144 б.

Тоголонгон күн: Ырлар. – Б.: Кутаалам, 2008. - 24 б.

2016-08-10 221 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10