Токтогулов Айылчы


Токтогулов Айылчы – жазуучу. Токтогул районунун Толук айылында 1951-жылы 12-мартта туулган. 1968-жылы Толук орто мектебин бүтүргөн.

1973-жылы Ош мамлекеттик институтунун музыка-педагогикалык факультетин бүтүрүп, турмуш жолун Толук орто мектебинде мугалим болуп иштөө менен баштаган.

1976–1992-жж. окуу бөлүмүнүн башчысы, уюштуруучу болуп эмгектенген.

1992-жылы Токтогул районундагы катуу жер титирөөдө Толук айылын Чүйгө көчүрүү, жайгаштыруу комиссиясынын мүчөсү болгон.

Азыр Сокулук районундагы Жаңы-Жер орто мектеп-комплексинде мугалим болуп эмгектенет.

Анын "Күн жана Жер" деген алгачкы ыры Ош облустук «Ленин жолу» гезитинде жарык көрүп, кийин республикалык басма сөз беттеринде бир нече ырлары, аңгемелери жарыяланып келген.

1995-жылы "Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги" төш белгиси берилген.

2008-жылы Сокулук райондук кеңешинин депутаты болгон.

1997-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Кез келүү: Аңгемелер. – Ф.: Адабият, 1990. – 48 б.

Толук зилзаласы: Дастан. – Б., – 1994. – 32 б.

Жаз кайрылып келет: Повесть. – Б.: Айат, 2006. – 48 б.

Мезгил ызасы: Роман жана аңгемелер /1-китеп/. – Б.: Айат, 2007. – 180 б.

Мезгил саптары: Роман /2 китеп/. - Б.: Айат, 2009. - 336 б.

2016-08-10 42 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10