Токчоро Жолдошев


Токчоро Жолдошев
Кыргыз элинин интеллегенттеринин тарыхына көз жүгүртсөк, революцияга чейин кыргыз элинде орто жана жогорку окуу жайларын бутүргөн кишилер жокко эсе болгон.
1928- жылга чейин окуп, билим , тарбия алып чыккан интеллегенттеринин бири Токчоро Жолдошев. Ал кыргыз элдин арасынан суурулуп чыккан тунгуч адабият сынчысы болгон.
Т. Жолдошев 1902- жылы Жети-Суу областынын Пишпек уезди, Сарыбагыш болушу, Кара-Жылга (азыркы аты Кара - Булак ) кыштагында кедей чарба үй бүлөсүндө туулган.
Т. Жолдошев 1921- жылы Алматы шаарында ачылган окутуучулар даярдай турган дарил мугалим аттуу орто мектепке кирет. (Кийин бул мектеп эл агартуу институтуна айланат). Токчоро ошол окуу жайында окуп жүргөн кезинде жайкы дем алыш мезгилдеринде эл арасына барып, барган жеринде сабатсыздыкты жоюу мектептерин уюштуруп, анда өзү мугалим болуп иштеп келип жүрөт. Ошол кезде Алматы шаарында казак тилинде чыгып турган "Тилчи" газетасынын активдүү кабарчысы болот. Ал газетага эл арасында болуп жаткан заңга сыйбас кыңыр - кыйшыктар жөнүндө үзбөй жазып турат. 1932- жылы жайкы эс алыш мезгилинде Токчоро Суусамыр жайлоосуна барып, Кызыл-Ойдун жайлоосунда чоңдордун сабатсыздыгын жоюу боюнча мугалим болот. Ошондо "Кара-Булак" деген лакап ат менен "Тилчи" газетасына "Сорлы София" аттуу кабарды жазат.
Токчоронун ал кабарынын кыскача мазмуну мындай:
Пишпек уездинде Алымкул аттуу кишинин София деген сулуу кызы болот. Атасы ал кызын Пишпек шаарындагы татар мектебине берип, бир нече жыл окутат. Кыз бойго жеткенде, Суусамырлык Түркмөн деген манап менен кудалашып, Софияны анын Сулайманкул деген уулуна берет. София Суусамырга келин болуп барганда, мугалимдик кылып, бала окутуп жүрөт. Күйөөсү аялынын мугалим болгонун жактырбай, аны эркектерден кызгана баштайт. Ошол себептердин негизинде эрди - катындын ортосундагы чатак ырбайт да чоң чырга айланат. София күйөөсүнөн чыгып кетмекчи болот.
— Сен мени чанып кете турган болсоң, мен сага мындай кылайын! – дейт да, Софиянын мурдун бычак менен кесип салат.
1922- жылында лакап ат менен кол коюп, газета, журналдарга макала, кабар, ыр, аңгеме жазгандардан кыргыз адабиятында эки гана киши болгон. Алардын бирөө — Токчоро, экинчиси — Касым Тыныстанов.
Токчоро ошол казак, кыргыз институтунда окуп жүргөн кезинде студенттердин тили болуп, кол жазма түрүндө чыгып турган "Сауле" (Шоола) аттуу адабий көркөм журналга редактор болуп, ага кыргыз элинин оозеки адабияты, элдик оюндары жөнүндө ар түрдүү макалаларды үзбөй жазып турган. Ошол кезде Алматынын эл агартуу институтунда Токчоро менен бирге чогуу окуп, билим алып жүргөн анын замандаштары – Касымаалы Баялинов менен кыргыз ССРинин мектептерине эмгеги сиңген мугалим Мырзакмат Алжамбаевдер Токчоро жөнүндө мындай эскерет:
"Токчоро ошол Алматыдагы эл агартуу институтунда окуп жүргөн кезинде эле ишмер, омоктуу, өткүр, окуучулар менен мугалимдердин ортосунда чоң кадыр баркка ээ эле. Аны менен институттун директор, завучтары жана мугалимдери эсептешпей койчу эмес.
1924- жылы Шабдандын балдарын комсомолдон чыгарып, институттан айдай турган болгондо, Токчоро аларды окуудан чыгартпай, алып калууга себепчи болгон.
Жолдошев партиянын катарына өзу 1925- жылы откөн, ошол жылы Алматыдагы казак-кыргыз эл агартуу институтун ийгиликтүү бүтүрүп, Кыргызстандын карамагына келет. Кыргыз өкмөтү аны Каракол Нарын округуна Округдук эл агартуу бөлүмүнүн башчылыгына дайындалат.
Токчоро 1925- жылдын аягынан 1927- жылдын ортосуна чейин Москвадагы СССР элдеринин Борбордук Басмаканасындагы кыргыз секциясынын жооптуу редактору болуп иштейт.
Ошол мезгилден тартып Жолдошев журналисттик, котормочулук кесибине киришет. 1926- жылы "Жалпы Союздук коммунист (большевиктер) Партиясынын Уставын", "Биздин майрам – 8 март" аттуу китепти, Ревушкиндин "Комсомол деген эмне? " деген китебин, орусчадан кыргызчага которот.
1927- жылы В. Виргонскийдин "Айыл коммунист жаштары үчүн саясий окуу китебин", 1928- жылы М. И. Тайшиндин "Саясат таануу" аттуу китебинин биринчи бөлүмүн Ыбырай Тойчиев экөө орус тилинен которушат.

2016-08-10 115 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10