Тойчубеков Жусупбек


Тойчубеков Жусупбек - жазуучу, драматург. Таш-Көмүр шаарында 1937-жылы туулган. 1955-жылы Таш-Көмүр шаарындагы №4 орто мектепти, 1958-жылы Фрунзе шаарындагы финансы-экономикалык техникумун, 1964-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономикалык факультетин аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгүн 1964-жылы Ош облусунун Ленин районунун «Коминтерн» колхозунда башкы экономист болуп иштөөдөн баштаган. 1966-жылдан Дыйканчылык илим-изилдөө институтунда улук илимий кызматкер, 1976-жылдан Айыл чарба министрлигинде улук экономист-редактор болуп иштеген. 1982–1988-жж. Кыргыз Совет Энциклопедиясында редактор, 1988–1992-жж. «Адабият» басмасында редактор, 1993–1997-ж. Мампланга караштуу Экономика институтунда жана эт комбинатында иштеген орус тилинде сүйлөгөн кызматкерлерге кыргыз тилинен сабак берген.

1962-жылдан баштап мезгилдүү басылмаларда чыгармалары басылып, 1979-жылы анын «Ак жол» деген биринчи аңгемелер жыйнагы жарык көргөн. Ал драматург катары дагы белгилүү.

1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Ак жол: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1979. – 132 б.

Кыякчы: Повесть жана аңгемелер. – Б.: Адабият, 1991. – 220 б.

Чыйыр: Повесттер жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 167 б.

Драмалары

Үзүлбөгөн үмүт: эки бөлүмдөн турган драма, 1989.

Туңгуюк: эки бөлүмдөн турган комедия, 1994.

Сүйүү, сен барсыңбы: сегиз бөлүмдөн турган драма, 1995.

2016-08-10 35 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10