Тоидзе Моисей (Мосе) Иванович


Тоидзе, Моисей (Мосе) Иванович (1871, Тбилиси – 1953, ошол эле жер) – советтик живописчи, СССР эл сүрөтчүсү (1953), СССР САнын анык мүчөсү (1947), Социалдык Эмгектин Баатыры (1932). Петербург САда (1896–99) окуган. 1899-жылдан Тбилисиде жашап, Эл сүрөтчүлөр студиясын уюштурган (1922). Тбилиси САнын проф. (1930–53). Т. революциялык жана агартуу иштерине катышып, демократиялык багыттагы чыгармаларды жараткан. 1890–1910-жылдардагы чыгармаларында эл турмушун көрсөткөн сүрөт ("Мцхетоба", 1899–1901, ГССР искусство музейи, Тбилиси) жана портреттер (еврей абышканын жана энесинин портреттери) тарткан. 1920–40-ж. социалдык курулушту, грузиндердин жаңы турмушун, Улуу Ата Мекендик согуштагы окуяларды чагылдырган ("Бактылуу турмуш", 1934, "Майдандан кат", 1942, "Жеңиш ыры", 1948) чыгармаларды жараткан. Т. Ленин ордени, "Ардак Белгиси" ордени жана медалдар менен сыйланган.

2016-08-10 48 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10