Тогуз-Торо району


Тогуз-Торо району . Жалалабат облусунун түндук-чыгышындагы администрациялык район. 1935-ж. уюшулган. Түндүгүнөн Нарын облусунун Жумгал, чыгышынын Акталаа райондору, түндук-батышынан Токтогул, батышынан Базаркоргон, Сузак райондору, түштүгүнөн Ош облусунун Өзгөн району менен чектешет. Аянты 3962 км2. Калкы 22,3 миң (2001). Орто жыштыгы 1 км2 жерге 4,1 киши туура келет. Райондо 4 айыл өкмөтү (Атай, Карасуу, Каргалык, Тогузторо), 13 кыш - тагы бар, борбору — Казарман айылы.

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык, Идирисов Тилек Казыбекович 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалган.

Макмал алтын комбинаты 1986-жылы ачылып быйыл туура отуз жыл болду. Учурунда он жыл гана иштөөгө эсептелген комбинат узартылып отуруп, азыр бир жарым жылдык запастагы гана алтыны калган. Бүтүндөй бир районду иш жана социалдык экономикалык жактан кармап, Тогуз-Торонун бюджетинин 95% ар кандай которуулар жана салыктан түшкөн каражат менен түзүлөт.

2016-08-10 336 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10