Түстүү фотография


Түстүү фотография. Сүрөт ишинин нерселер же кубулуштар өздөрүнүн өнүнө жакын түстөгү сүрөттөлүштөрүн алуу методун жана процессин камтыган бөлүгү. Түстөрдү фотографиялык жол менен кайра алуу мүмкүндүгүн Ж. К. Максвел (англ. физик, 1861) биринчи болуп сунуш кылган. Ал түстү көрүүнүн үч компоненттүү теориясын негиздеп, түстү үч зонага бөлүп, каалаган түстү алуу жолун сунуш кылган. Нерседен чагылган ак жарык чыпкалар жардамы менен негизги үч көк, жашыл, кызыл нурларга бөлүнөт. Бул үч нур ар бири өзүнчө сүрөтпленкага түшүп, ак-кара терс (негатив) сүрөттөлүштү берет. Оң (позитив) сүрөттөлүштүн басып чыгарып алып, ал үч оң сүрөттөлүштөрдүн ар биринин өз чыпкалары аркылуу түстүү сүрөттөлүш алынат. Мындай ыкма менен Т. Ф. алуу аддитивдик (кошуу) методу деп аталат, анткени ал үч түстөгү жарыкты ар кандай жуп кылып кошкондо жаңы түс пайда болот. Мисалы, кызыл менен жашыл нурларды кошкондо сары, көк менен жашылды кошкондо көгүлтүр түс алынса, ал эми бирдей ургалдуулуктагы кызыл, жашыл, көк нурларды кошкондо ак жарык алынат. Аддитивдик ыкма менен түстүү сүрөт алууда растр (торчо) колдонуу методу чоң практикалык мааниге ээ. Майда боёлгон микро жарык чыпкалары катары алынган үч түстүү растр (крахмал бүдүрлөрү, чайыр майда болүкчөлөрү, диаметрлери 0,01 мм) айнек (же целлулоид) менен жарык сезгич катмар ортосунда жайгаштырылат. Сүрөт пластинкага (сүрөт тактачага) сүрөт тартканда растр (кызыл, жашыл, көк) түс бөлүүчү жарык чыпкасынын милдетин аткарат. Бирок сүрөт күңүрт жана сүрөттүн кочүрмөсүн алууга мүмкүн эмес болгонуктан, 1940-ж-дан растр сүрөт матер-ры колдонулбайт. Т. ф. тартуунун экинчи – субтрактивдик (ак түстөн негизги түстөрдү бөлүп алуу) методу алда канча көп колдонулууда. Ал ак жарык курамынан кайсы бир түстөгү нурду субтракциялоо (алып салуу) аркылуу жаңы түстөрдү берүү принцибине негизделген. Мисалы, ак жарыктын курамынан көк нурду алып салсак (жутуп алса) сары нур агымы пайда болот. Бул методдо сары, кызгылткөк, көгүлтүр түстөр негизги түскө (кызыл, жашыл, көк) кошумча түстөрдү түзөт. Көк жашыл кошумча жарык чыпкалары аркылуу өткөн жарыктан алынган терс (негатив) сүрөттөлүштөн оң (позитив) сүрөттөлүштөрдү басып чыгаруу менен сүрөттөлүштөр сары, кызгылт көк жана көгүлтүр боёкторго, башкача айтканда сүрөткө тартуудагы кошумча түстөргө боёлот. Бул оң сүрөттөлүштөр айрым оң сүрөттөлүштөр (сары, кызгылткөк, көгүлтүр) деп аталып, үчөө бирге беттештирилгенде Т. ф. алынат. Боёктор 1/3 жарыкты жутуп, 2/3 жарыкты өткөрүп жибергидей шартты аткарышы керек. Кадимки Т. ф. башка дагы азыркы кезде «спектр-зоналык» пленка деп аталуучу эки же үч катмарлуу (инфракызыл нурду сезе турган катмар кошулган) сүрөт пленкалар жардамы менен жаратылыштагы нерселерди аэросүрөт жана космотук сүрөткө тартуу жүргүзүлөт. Мындай сүрөткө тартууда, заттан чагылган жарыктын белгилүү бир спектрдик зонасы гана пайдаланылат, ошондуктан сүрөт бурмаланган түрдө алынат, бирок жөн көзгө байкалбайт. Т. ф-нын өзгөчө түрү франц. физиги Г. Г Липман (1891) сунуш кылган метод, ал өзүнчө бир голографиянын алдын ала көрсөтүүчүсү болуп эсептелет.

2016-08-10 58 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10