Түштүк Корея


Коре́я Респу́бликасы (кор. 대한민국 tɛːhɐnminɡuk̚ тэха́н мингу́к) — Чыгыш Азиядагы Корей жарым аралында жайгашкан өлкө. Түштүк Коре́я — массалык маалымат каражаттарында кеңири колдонулган расмий эмес аталышы.

Корея Республикасы корейче Тэха́н мингу́к (대한 민국угуу(маалымат)), 大韓 民國 – деп аталат. Көбүнчө толук аталышынын кыскартылган түрү колдонулат — Хангу́к , 韓國. Кээде «Түштүк Хан» деген маанидеги Намха́н сөзүн да колдонушат, тескерисинчеси Пукха́н , «Түндүк Хан» (Түндүк Корея), башкача айтканда Түндүк Корея үчүн. Хан деген сөз Корей жарым аралында жайгашкан Самхануруулар бирлигине тиешелүү. Ал эми «Корея» деген сөз Корей жарым аралында биздин замандын 918—1392 жж. болгон Корё мамлекетинин аталышынан келет. Өз кезегинде Корё мамлекетинин аталышы, өзүнүн өнүгүү учурунда Корей жарым аралынын түндүк бөлүгүн, ошондой эле азыркы Кытайдын түндүк-чыгыш бөлүгүн жана Орусиянын аймактарын ээлеген Когурё мамлекетинен келет.

Түштүк Кореяда президент өлкө башчысы болуп саналат. Азыркы президент Пак Кын Хе, Сэнури партиясынан чыккан биринчи президент-аял , 2012 жылы шайланган.

Парламентти шайлоо 1948 жылдан баштап өткөрүлө баштаган. 1988 жылга чейин парламентти шайлоо түштүк-корей президенттери Пак Чон Хи жана, кийинчирээк, Чон Ду Хван тарабынан демократиялык боштондукту чектөөлөр менен өткөн. 1988 жылы биринчи көзкарандысыз шайлоо өткөн.

2008 жылдын көрсөткүчү боюнча парламент түзүмү.

2016-08-10 103 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10