Түркстан облусу


Түркстан облусу – Орто Азиянын Россияга кошулуу процессинде түзүлгөн (1865-жыл, 2-февраль) админстративдик аймак. Курамына мурда Кокон хандыгына тиешелүү аймактар (Сырдарыянын ортоңку агымындагы жерлер, азыркы Казак Республикасынын түштүк райондору) кирген.

19-кылымдын 40–70-жылдары кыргыз, өзбек эмгекчилеринин улуттук-боштондук кыймылынын жана социалдык күрөшүнүн натыйжасында Кокон хандыгы начарлай баштаган. Алай кыргыздарынын (1845), Ысык-Көл өрөөнүндөгү кыргыздардын (1848) көтөрүлүштөрү жалпы элдик мүнөзгө өтүп, улуттук-боштондук кыймылга айланган.

Бул куралдуу көтөрүлүштөр ийгиликсиз аяктаса да, негизинен Кокон хандыгын алсыраткан. Хандыктын аймагындагы айрым жерлердеги көтөрүлүшкө феодал төбөлдөрү менен дин кызматкерлеринин өкүлдөрү да катышкан. Кокон көтөрүлүшүнүн натыйжасында Кокон хандыгынын ички тиреги биротоло бошогон. Бул мезгилде орус аскерлери да хандыкка катуу сокку урушуп, 1866-жылы 17-майда Ташкенди басып алган. 1865-жылы 6-августта Түркстан облусун башкаруу жөнүндөгү убактылуу жобо кабыл алынган.

Анда облустун аскердик жана жарандык иштерин башкаруу Оренбург генерал-губернаторуна тапшырылып, ага бул аймакта жашаган калктын жер жана аны пайдалануу укуктарына кийлигишүү, аларды көзөмөлдөп туруу милдети жүктөлгөн. Түркстан облусунун аймагы үчкө бөлүнгөн: оң тарабы же Сырдарыя району (Арал, Казалы, Перов, Кызылордо шаары менен бирге), Борбордук бөлүгү (Түркстан жана Чымкент чөлкөмдөрү) жана сол тарабы (Олуяата – азыркы Тараз, Мерке, Пишпек, Токмок шаары жайгашкан жерлер).

1865-жылы Ташкен Түркстан облусунун админстративдик борборуна айланып, шаар жана анын чет жакасындагы жерлер «Ташкен району» деген аталыш менен Түркстан облусуна кошулган. 1886-жылы Эржар, Замин бөлүмдөрү жана Кожент, Жызак райондору түзүлүп, Түркстан облусунун курамына киргизилген. Падышалык төбөлдөр Түркстан облусунун түзүлүшүн убактылуу чара деп эсептешкен.

Ошондуктан Түркстан облусунун чегарасы расмий түрдө белгиленген эмес. 1867-жылы Түркстан ошондой Түркстан генерал-губернаторлугунун курамына өткөн.

"Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия" Бишкек 2003.
"Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору"
"И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети"
"Башкы ред. Ү. А. Асанов, жооптуу ред. А. А. Асанканов".
"Ред кеңеш: Ө. Ж. Осмонов (төрага) Т. Н Өмүрбеков"

2016-08-10 56 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10