Түркмөнов Сайыргазы


Сайыргазы Түркмөнов (21.3.1934 – 19.2.2011) – кыргыздын белгилүү айылдык композитору, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

Сайыргазы Түркмөнов 1934-жылы 21-мартта Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Он-Арча айыл өкмөтүндө (Эчки-Башы кыштагында) туулган. Теги – кыргыз.

(Айрым китептерде анын ысымы "Сайырказы" деп да жазылып жүрөт).

Ал орто мектепти аяктаган соң, 1952-52-жылдары Жумгал районунда райондук маданият бөлүмүндө методист (усулчу) болуп иштеген.

1952-жылдын июнь айында Нарын шаардык маданият үйүндө иштей баштайт.

1953-жылдын июнь айынан тартып 1958-жылдын августуна чейин Пржевальск (азыркы Каракол) шаарындагы облустук драма театрында актер болуп иштеп калат.

1956-жылдан тартып обон чыгара баштаган.

1958-жылдын август айынан 1963-жылдын август айына чейин Нарын шаарындагы Тянь-Шань (азыркы Нарын) музыкалуу драма театрында актер болуп иштейт.

1963-жылдын август айынан тартып өзү туулуп-өскөн Эчки-Башы айылында иштеп калат. Айылда иштеп калганынын бир себеби – карыган ата-энесине каралашуу зарылдыгы болгон.

Оболу "Коммунизм" колхозуна караштуу Эчки-Башы айылдык клубунун башчысы болуп иштейт.

Ошол эле жылдары айылдагы "Коммунизм" орто мектебинде окуучуларга музыкалык сабат жаатында ырааттуу таалим-тарбия берип, аларды райондук, облустук жана жумурияттык кароолорго катыштырып келди.

Алардын арасынан кийинчерээк далай музыка мугалимдери, өнөрпоздор, театр актерлору, илимпоздор, публицисттер, журналисттер чыкты.

С. Түркмөнов айылдын клуб башчысы болгон жылдары айылдык өздүк көркөм чыгармачылык ийрими кыйла өнүгүп, айылдык өнөрпоздор райондук, облустук жана жумурияттык кароо-сынактарга үзбөй катышып, бир катар сыйлыктарды алып турушту. Алардын концерттери жумурияттык сыналгы каналынан да ырааттуу берилип жүрдү.

Кыргызстандын Маданият министрлиги бул айылдык клубду "эң мыкты клуб", "эң мыкты маданият үйү" деген наамдар менен баалады.

1992-жылы бул айылдык клубга Кыргызстандын Маданият министрлигинин коллегиясынын чечими менен "Он-Арча Элдик театры" деген макам ыйгарылган.

Ара-чолодо айылда коомдук иштерге үзүрдүү катышып, С. Түркмөнов 8 жолу айылдык кеңешке депутат болуп шайланган.

Ушул эле Эчки-Башы айылында 1995-жылы жумурияттык маанидеги өзгөчө ардагердикке (персоналдык пенсияга) чыккан.

Ардагер болуп калганына карабастан, айылда Аксакалдар кеңешинин төрагасы, Аксакалдар сотунун төрагасы сыяктуу кызматтарды аркалап жүрдү.

Кыздары – Мира, Айнура. Уулу Таалай жаш чагында кайтыш болгон.

С. Түркмөнов 2011-жылдын 19-февралында оорунун айынан каза болду.

Сөөгү өз айылындагы көрүстөнгө коюлду.

Сайыргазы Түркмөнов совет кыргыз музыка өнөрүнө бараандуу салым кошкон.

Ал, жалпысынан, 70тей ар кыл обондорду чыгарган.

Анын обондору кыргыз колоритин өз доорунун жаңы музыкалык агымына ширелткен чыгармалар катары айырмаланат.

Композитордун өз айылдашы, айтылуу акын айым Жумакан Тынымсейитованын «Ысык-Көлдөн бир элес» деп аталган ырына чыгарылган обону кыргыз музыкасынын алтын коруна кирди.

С. Түркмөновдун обондуу ырларын СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева, Кыргыз эл артисттери С. Бекмуратова, С. Чечейбаева, Т. Жумакаева, Г. Сейиткулова жана башкалар аткарган. Азыр да жаш аткаруучулар композитордун ырларын үзгүлтүксүз аткарып келишет.

Өзү туулуп-өскөн Он-Арча айылында бир көчөгө «Сайыргазы Түркмөнов атындагы көчө» деген ат берилген.

Сөзү Жумакан Тынымсеитованыкы, обону Сайыргазы Түркмөновдуку.

Ай чыкты тоодон суйкайып,
Олтурсам көлдө жүз чайып.
Сүрөтүң көлдөн көрүнөт,
Сүзгөнсүп аппак жел кайык.

Көксөгөн кыял болчубу,
Көңүлүм көлдөй толкуду.
Ызааттап тосот утурлап,
Ысык (бир) көлдүн толкуну.

Берчүдөй эңчи бүгүн мен,
Бетине көлдүн үңүлөм.
Ылдамдап толкун сууларым,
Ыр сүзүп берчи түбүңдөн.

Бешенем жайнап, бой эргип,
Бетимди жуусам бой сергип.
Уучума улам урунат,
Удургуп толкун кол берип.

Агарып күмүш табактай,
Асманда сызып барат ай.
Эх, жыргал экен көл жээги, ай!
Турсачы бир аз таң атпай.

2016-08-10 41 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10