Түргөштөр


Түргөш кагандыгын (704–766) негиздеген түрк тилдүү уруулардын бирикмеси. Түргөш уруулары түндүк Жетисуудан Иртышка, андан Сыр дарыянын ортоңку агымына чейинки аймактарды мекендешкен. Айрым маалыматтарда түргөштөрдүн 200 миң чамалуу болушкандыгы баяндалат. Түргөштөр кыргыздар менен өзара алакада болушканы маалым. Бул мезгилдеги саясий окуялар Саян-Алтайдагы руна сымал жазууларда кенен чагылдырылган. Түргөштөр негизинен көчмөн мал чарбачылыгы менен кесиптенишкен. Ошол эле учурда эл отурукташкан аймактар кеңейип, шаарлар көбөйгөн. Көчмөн түргөштөрдүн көпчүлүгү шаманизмге табынса, Чүй өрөөнүндөгүлөрү будда жана несторий диндерине сыйынышкан. Түргөш кагандыгы ислам динин кабыл алуудан (751-жылы) баш тарткан.

"Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия" Бишкек 2003.
"Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору"
"И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети"
"Башкы ред. Ү. А. Асанов, жооптуу ред. А. А. Асанканов".
"Ред кеңеш: Ө. Ж. Осмонов (төрага) Т. Н Өмүрбеков"





2016-08-10 48 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10