Түп району

Түп районуТүп району 1934-жылы уюшулган. Түндүгүнөн, түндүк-чыгышынан Казакстан, батышынан Ысык-Көл району, түштүгүнөн, түштүк-чыгышынан Ак-Суу району менен чектешет. Батышынан Ысык-Көл чулгайт. Аянты 2,1 миң чарчы/чакырым. Калкы 57,7 миң (1993). райондо 12 айыл кеңеши, 38 айыл, бир шаарча бар. борбору Түп айылы. Райондун аймагында Ак-Булак шаарчасы да жайгашкан.Табияты.

Район негизинен Түп өрөөнүн жана Күнгөй Ала-Тоонун чыгыш бөлүгүнүн түштүк капталын ээлейт. Түндүгүндө Тасма дөңсөөсү жайгашкан. Климаты континенттик, кышы өтө суук эмес, жайы салкын, райондун климатына «санташ» шамалынын (өзгөчө кыш айларында) таасири чоң. Июлдун орточо температурасы 17—20°С, январдыкы —5 ... -15°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 500—700 мм. Негизги суулары: Түп (жогорку агымы Ак-Суу районуна караштуу) жана анын куймалары Шаты, Талды-Суу, Кең-Суу, Чоң-Бет, Табылгыты, Капа-Булак жана башкалар Топурагы жана өсүмдүгү бийиктик алкактуулук мыйзам ченемине ылайык таралган. Өрөөн бөлүгүндө (2100 метрге чейин) күрөң жана коңур, андан жогору кара топурактуу. Түздүктөрдө талаа жана шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү басымдуу, тоо капталдарында карагай, арча жана бадал өсөт. Андан жогору, 3200—3300 метрден баштап альп шалбаасы, ал эми 3500—3600 метрден - кардуу тилке жатат. Түп булуңунан балык кармалат. Жээк түздүктөрдө кыргоол, коён, ошондой эле байырлаштырылган уссури жанаты жана ондатр бар. Суучул куштардан ак кытан, токой чулдугу, куу, каз, өрдөк жана башкалар кыштайт.

Токойлорунда элик, арыс, аюу, карышкыр, кашкулак жана башкалар, тоолорунда тоо эчки, илбирс, аркар, андан башка улар, таз кара, бүркүт кездешет. Тоо-талаа шалбааларында суур көп. Калкы. Негизинен кыргыз, орус, казак, украин жана башкалар жашайт. Калкынын көбү Ысык-Көлдү бойлой отурукташкан. орточо жыштыгы 1 чакырымга 27,5 киши. Чарбасы. райондо айыл чарба өнүккөн. Күрмөнтү цемент кыш заводдору, Түп нан заводу, турмуш тиричилик жактан тейлөө комбинаты иштейт.

Райондо 4 колхоз, 6 совхоз, 6 фермердик чарба жана акционердик коомдор бар (1993). айыл чарба дүң продукциясынын 56% мал чарбасынан алынат. 1993-жылы айыл чарбага жарактуу жери 159,4 га, анын ичинде айдоо 51,2 миң гау жайыт 105 миң га көп жылдык өсүмдүктөр 0,5 миң га, чабынды 4,3 миң ГАсы Айдоо аянтынын 42% (21,1 миң га) сугарылат. Дан эгиндери (26,9 миң га тоют өсүмдүктөрү 20,8 миң га картөшкө 1,2миң га), жашылча 0,17 миң га) айдалат. 1993-жылы райондун чарбаларында 655,1 миң ц буудай, 190,2 миң ц картөшкө, 60,4 миң ц жашылча, 6,1 миң ц мөмө-жемиш жыйналган. Мөмө дарактары, карагай жана башкалар отургузулган. 1992-жылы 142,2 миң кой, эчки, 27,6 миң уй (инеги 7,8 миң), 5,5 миң чочко, 5,7 миң жылкы, 10,1 миң үй кушу болгон.

1992-жылы 5,1 миң т эт (тирүүлөй салмак), 18,6 миң т сүт, 449 т жүн мамлекетке тапшырылган. Транспорттун негизги түрү - автомобиль. райондун аймагы аркылуу Бишкек - Каракол авто жолу өтөт. Элге билим берүү, маданият, саламаттык сактоо. 1992-93-окуу жылында 30 жалпы билим берүүчү мектепте 13,3 миң окуучу окуган; 1140 мугалим (913 жогорку билимдүү) иштеген. 15 мектепке чейинки балдар мекемелеринде 1178 бала тарбияланган. Айыл чарба техникуму, борбору китепкана жана анын 35 бөлүмү, 27 клуб, 23 киноустановка бар. Райондук «Элдин уну» гезити чыгат.

5 оорукана, бейтапкана, 5 участкалык оорукана бар.Түп районунун айылдары.Райондун борбору Түп айылы (калкы 12166, 1993).Ак-БулуңАк-Булуң айыл кеңешинин борбору. Райондун борбору Түптөн 15 чакырым аралыкта турат. Калкы 820 (1993). Ысык-Көл айыл чарба техникуму, «Ак-Булуң» сөөк-учук санаторийи, орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, бала бакча, китепкана бар.АралМиң-Булак айыл кеңешинин борбору 1929-жылы негизделген. Райондун борбору Түптөн 24 чакырым чыгыш тарапта. Облустун борбору Каракол шаарынан 43 чакырым.

Калкы 1187 (1993). Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, айылдык дарылоо амбулаториясы, бала бакча, клуб бар.Балбай (мурунку Сары-Булак)Сары-Булак айыл кеңешинин борбору Райондун борбору Түптөн 7 чакырым, Каракол шаарынан 29 чакырым, Балыкчы - Каракол авто жолунун боюнда жайгашкан. Калкы 1866 (1993). Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, китепкана бар.БеловодскийАк-Булуң айыл кеңешине караштуу айыл. Балыкчы - Каракол авто жолунун боюнда. Райондун борбору Түптөн 12 чакырым түндүк-батыш тарапта, Каракол шаарынан 47 чакырым.

Калкы 286 (1993).БирликТүп айылдык кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 7 чакырым чыгыш тарапта. Калкы 1076 (1993). Орто мектеп, клуб, бала бакча, китепкана бар.ДолонАрал айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 10 чакырым чыгыш тарапта. Каракол шаарынан 43 чакырым.

Калкы 726 (1993). Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, китепкана бар.Жылуу-БулакЧоң-Таш айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 26 чакырым чыгыш тарапта, Каракол шаарынан 46 чакырым. Калкы 1100 (1993). Орто мектеп, медпункт бар.Ичке-СууТалды-Суу айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 8 чакырым түндүк тарапта, Каракол шаарынан 40 чакырым. Калкы 888 (1993). Орто мектеп, бала бакча бар.Карасаев (мурунку Тасма)Карасаев атындагы айыл кеңешине караштуу айыл.

Райондун борбору Түптөн 25 чакырым чыгыш тарапта, Каракол шаарынан 45 чакырым. Калкы 1424 (1993). Орто мектеп, китепкана, оорукана, фельдшер-акушердик пункт бар.Кара-ЧуңкурСанташ айыл кеңешинин борбору Түп - Каркыра авто жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Түптөн 29 чакырым чыгыш тарапта, Каракол шаарынан 51 чакырым. Калкы 1469 (1993). Участкалык оорукана, орто мектеп, китепкана бар.КаркыраСан-Таш айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 55 чакырым чыгыш тарапта.

Каракол шаарынан 77 чакырым. Калкы 339 (1993). Башталгыч мектеп, китепкана бар.Кең-СууСан-Таш айыл кеңешине караштуу айыл. Түп - Каркыра авто жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Түптөн 31 чакырым чыгыш тарапта.

Каракол шаарынан 53 чакырым. Калкы 1520 (1993). Негизги мектеп, медпункт бар.Кичи-ӨрүктүКутургу айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 30 чакырым батыш тарапта, Каракол шаарынан 65 чакырым. Калкы 941 (1993). Китепкана, клуб бар.КорумдуТалды-Суу айыл кеңешине караштуу айыл. Түп - Каркыра авто жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Түптөн 15 чакырым түндүк-чыгыш тарапта, Каракол шаарынан 37 чакырым.

Калкы 1348 (1993). Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, китепкана бар.Кош-ДөбөАрал айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 14 чакырым чыгыш тарапта, Каракол шаарынан 36 чакырым. 1923-жылы негизделген. Калкы 344 (1993).КөөчүТалды-Суу айыл кеңешине караштуу айыл. Түп - Каркыра авто жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Түптөн 17 чакырым түндүк-чыгыш тарапта, Каракол шаарынан 39 чакырым.

Калкы 1575 (1993). Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, китепкана, клуб бар.КутургуКутургу айыл кеңешинин борбору Балыкчы - Каракол авто жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Туптөн 15 чакырым батыш тарапта, Каракол шаарынан 37 чакырым. Калкы 1787 (1993). Орто мектеп, балдар бакчасы, китепкана, маданият үйү, оорукана, амбулатория, дарыкана, турмуш тиричилик жактан тейлөө үйү, суу тегирмен бар.КүрмөнтүСары-Булак айыл кеңешине караштуу айыл. Балыкчы - Каракол авто жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Түптөн 8 чакырым түндүк-чыгыш тарапта, Каракол шаарынан 30 чакырым.

Калкы 2599 (1993). Орто мектеп, оорукана, амбулатория, дарыкана, байланыш бөлүмү, балдар комбинаты бар. Күрмөнтү цемент элдик-акционердик коому (мурунку Күрмөнтү цемент заводу), Күрмөнтү кыш элдик-акционердик коому (мурунку Күрмөнтү кыш заводу) иштейт. Миң-Булак Арал айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 16 чакырым чыгыш тарапта, Каракол шаарынан 38 чакырым. 1922-жылы негизделген. Калкы 501 (1993); негизинен мал чарбасында, картөшкө өстүрүүдө эмгектенишет.

Клуб бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.Михайловка (Сары-Көл)Михайловка айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 12 чакырым түштүк тарапта. Каракол шаарынан 10 чакырым. Калкы 3963 (1993).

Орто мектеп, балдар бакчасы, оорукана, маданият үйү, кийим тигүүчү ишкана («Кыял») бар.Ой-БулакКутургу айыл кеңешине караштуу айыл. Балыкчы - Каракол авто жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Түптөн 21 чакырым батыш тарапта, Каракол шаарынан 43 чакырым. Калкы 572 (1993). Китепкана, клуб бар. Айылда Советтер Союзунун Баатыры К. Үсөнбеков туулган.Ой-ТалКутургу айыл кеңешине караштуу айыл. Балыкчы - Каракол авто жолунун боюнда жайгашкан.

Райондун борбору Түптөн 30 чакырым батыш тарапта, Каракол шаарынан 52 чакырым. Калкы 860 (1993). Орто мектеп, байланыш бөлүмү, балдар бакчасы, китепкана, клуб, фельдшер-акушердик пункт бар.Сары-БулуңТогуз-Булак айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 8 чакырым, Каракол шаарынан 20 чакырым. Калкы 504 (1993).Сан-ТашАты уйкаш айыл кеңешине караштуу айыл. Түп - Каркыра авто жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Түптөн 48 чакырым чыгыш тарапта, Каракол шаарынан 70 чакырым. Калкы 288 (1993).

Орто мектеп, амбулатория, оорукана бар.Сары-ДөбөАрал айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 15 чакырым чыгыш тарапта. Калкы 1351 (1993). Орто мектеп, клуб, турмуш тиричилик жактан тейлөө үйү, бала бакча, фельдшер-акушердик пункт бар.Сары-ТологойСан-Таш айыл кеңешине караштуу айыл. Түп - Каркыра авто жолунун боюнда жайгашкан.

Райондун борбору Түптөн 37 чакырым чыгыш тарапта. Калкы 1003 (1993). Негизги мектеп, фельдшер-акушердик пункт бар. Айылда Кыргыз Республикасынын эл артисти айыл Жанкорозова туулган.Талды-СууТалды-Суу айыл кеңешине караштуу айыл. Түп - Каркыра авто жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Түптөн 13 чакырым түндүк-чыгыш тарапта. Калкы 3766(1993). Орто мектеп, китепкана, клуб, бала бакча, турмуш тиричилик комбинаты, колбаса жасоочу цех, участкалык оорукана, дарыкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.ТасмаКарасаев айыл кеңешине караштуу айыл.

Райондун борбору Түптөн 23 чакырым чыгыш тарапта. Калкы 1424 (1993); негизинен мал чарбасында эмгектенишет. Орто мектеп, участкалык оорукана, фельдшер-акушердик пункт, китепкана бар.Тогуз-БулакТогуз-Булак айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 10 чакырым, Каракол шаарынан 20 чакырым. Калкы 1302 (1993). Орто мектеп бар.ТоктоянКарасаев атындагы айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Түп айылынан 41 чакырым чыгыш тарапта. Каракол шаарынан 63 чакырым.

Калкы 1200 (1993). Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, китепкана бар.ФрунзеАк-Булуң айыл кеңешине караштуу айыл. Балыкчы - Каракол авто жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Түп айылынан 13 чакырым батыш тарапта. 1930-жылы негизделген. Калкы 860 (1993). Негизги мектеп, фельдшер-акушердик пункт бар.Чоң-ТашЧоң-Таш айыл кеңешине караштуу айыл. Түп - Каркыра авто жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Түптөн 23 чакырым чыгыш тарапта, Каракол шаарынан 45 чакырым, Балыкчы темир жол станциясынан 220 чакырым.

Калкы 965 (1993); негизинен мал чарбасында эмгектенишет. Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, М. Элебаевдин үй музейи, китепкана бар. Айылда кыргыз эл жазуучусу, акын М. Элебаев туулган.Чоң-ТогузбайКарасаев атындагы айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 30 чакырым чыгыш тарапта, Каракол шаарынан 52 чакырым. Калкы 780 (1993). Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, китепкана, аралаш дүкөн бар.ШатыТүп айыл кеңешине караштуу айыл.

Райондун борбору Түптөн 8 чакырым түндүк тарапта, Каракол шаарынан 30 чакырым, Балыкчы темир жол станциясынан 193 чакырым. Калкы 1176 (1993).ЫнтымакЫсык-Көл айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 35 чакырым түштүк-батыш тарапта.

Калкы 544 (1993).Ысык-КөлЫсык-Көл айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 35 чакырым түндүк-батыш тарапта. Калкы 2202 (1993). Орто мектеп, «Маяк» пульмонологиялык санаторийи, кесиптик техникалык окуу жайы бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болшндорго эсгелик тургузулган.

Түп районунун ирригациялык курулмалары.Райондун 24,8 миң га жерине суу Чыгыш Шинаты, Ак-Булак, Күрмөнтү, Чоң-Сары-Булак, Кичи-Сары-Булак, Шаты, Ичке-Суу, Көөчү, Батыш Корумду, Чыгыш Корумду, Чоң-Таш, Жылуу-Булак, Батыш Кең-Суу, Чыгыш Кең-Суу, Табылгыты, Кара-Суу, Түп, Жыргалаң сууларынын сугат системалары аркылуу жеткирилет (1993). Чарба аралык каналдардын узундугу 118,3 чакырым. Мындагы гидротехникалык курулмалар 68, гидрокүзөттөр 66. Ири каналдары: Түп, Комсомол. Түп башкы каналы 1985-жылы реконструкцияланган, узундугу 28 чакырым, суу өткөрүмдүүлүгү секундасына 15 м, 27 автоматтык жапкыч менен жабдылган.

6,8 миң га жерди суу менен камсыз кылат. Комсомол каналы сууну Жыргалаң суусунун төмөнкү агымына орнотулган «Тепке» насос станциясынан (5 агрегаттан турат) алат; суу (80 м бийиктикке көтөрүлөт) өткөрүмдүүлүгү 6 м/сек; 5,5 миң га жерди суу менен камсыз кылат. Сугатта «фрегат», «Волжанка» жамгырлатма машиналары, «Интерсигма» насос станциясы пайдаланылат. 2 жамгырлатма машина «Победа» колхозунун 800 га, мамлекеттик атайы чарбанын 750 га жерин сугарат. Түп районунун ирригациялык курулмалары райондук сугат тармактар башкармасына (Түп айылы, 1993-жылы бардыгы 92 киши, анын ичинде 32 инженер, 8 гидротехник, 22 көзөмөлдөгүч, 8 электр-моторчу иштеген) карайт.

Түп суусу.Тескей Ала-Тоонун түндүк капталынан башталып, Ысык-Көлдүн Түп булуңуна куят, узундугу 120 чакырым; алабынын аянты 1180 чарчы/чакырым. Ири куймалары: Кең-Суу, Чоң-Таш, Көөчү, Шаты, Талды-Суу, Корумду, Табылгыты жана башкалар. Негизинен кар, мөңгү, жамгыр сууларынан куралат.

Суусу апрелде кирип, май айында ташкындап, сентябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 10,6 м/сек. Суусу сугатка пайдаланылат. Жээгинде Сан-Таш, Сары-Тологой, Түп, Токтоян жана башкалар айылдар жайгашкан. Өрөөндөгү айдоо аянттарды суу менен камсыз кылуу үчүн жалпы чыгымы 3,80 метр/куб/сек болгон 6 канал курулган.Түп айылы.Түп айыл кеңешинин борбору, айыл кеңешине Бирлик, Шаты айылдары да кирет. Каракол шаарынан 22 чакырым түндүктө, Балыкчы темир жол станциясынан 191 чакырым аралыкта жайгашкан. Калкы 12166 (1993); негизинен мал чарбасында эмгектенишет.

2 орто мектеп, райондук оорукана, төрөт үйү, дарыкана, турмуш тиричилик жактан тейлөө комбинаты, 3 бала бакча жана башкалар бар. В. М. Кайкиндин бюсту, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Айылдын алгачкы негизги планын (архитектор айыл Н. Марченко) 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш долбоорлоо институту иштеп чыккан. Турак жай жана өндүрүштүк зоналарга Бишкек - Каракол авто жолу аркылуу бөлүнөт. Турак жайлар кварталдарга бөлүнүп курулган. Ленин көчөсү - негизги (борб.) көчө болуп эсептелет.

Анын кенен бульвары коомдук курулуштарды бириктирет. Коомдук борбор авто жолуна жакын жайгашкан. Жер титирөөнүн залалдарын жоюу максатында 1978-жылы Түп айлында 1-кезектеги имараттарды куруу схемасын (архитекторлору - Н. В. Карпенко, Е. Н. Афонина, О. Г. Самойленко) Кыргыз мамлекеттик курулуш долбоорлоо институту иштеп чыккан. Айыл аймагын функциялык зоналарга бөлүүнү жакшыртуу; көчө тармактарын өркүндөтүү жана айылдын борборунун маанисин жогорулатуу жолу менен айылдын планын жаңылоо курулуш системасында негизги орунду ээлейт. Айылдын негизги композициялык огу Боромбай (муруңку Ленин) көчөсү болуп эсептелет. Аны бойлой коомдук имараттар комплекси курулат да парк менен бирге айылдын структуралык негизин түзөт.

Анын айланасына турак жайлар жайгашат. Айыл абатталып, жашылдандырылат.Түп аңчылык заказниги.Түп районундагы Түп суусунун алабында, Каркыра өрөөнүндө жайгашкан. АкСай-Булак суусунун чатынан Түп жана Жыргалаң сууларынын суу бөлгүчтөрүнө чейинки аянтты ээлейт; 1976-жылы элик, доңуз, бугуну коргоо үчүн уюшулган. Мында борбору азия бакасы, жөнөкөй кур бака, наардуу даракчы сойлок, алай жайдак көзү, калкан тумшук, момолой, жер түрткүч, кекилик, чил, бөдөнө, көгүчкөн, зоо көгүчкөнү, кара карлыгач жана башкалар мекендейт. Суулардын жайылмаларында жылкычы чымчык, чулдук, суучул кара; карагай токоюнда күрөң тиш коён, ак тиш коён, кызыл чыйпылдак чычкан, токой чычканы, тянь-шань токой момолою, тянь-шань чычканчасы, аюу, түлкү, арыс; тоолорунда аркар, тоо эчки, мадыл, илбирс кездешет. Заказниктин аймагында ар түркүн чөптүү шалбаа, алтыгана, арча, шилби, четин, табылгы, ит мурун өсөт; түндүк капталында карагай токою бар. Аянты 15,0 миң га.Түп ботаникальж заказниги.

Түп районунда, Түп суусунун ортоңку бөлүгүндө, «Санташ» с-зунун аймагында жайгашкан. 1975-жылы төшөлмө арчаны (бадал арча) коргоо үчүн уюшулган. Андан башка тал, көк жалбырактуу төө куйрук, бөрү карагат, чычырканак, шилби, ит мурун, табылгы; чөп өсүмдүктөрдөн ичке жалбырактуу жылган, сойломо буудайык, коңур баш, эстрагон, катуу түктүү каз маңдай, сары мыя, көзөнөкчөлүү сары чай чөп, түркстан ыраңы жана башкалар өсөт. Аянты 100 га.Түп булуңуЫсык-Көлдүн чыгышындагы ири булуң. Түп айылынан 3 чакырым батыш тарапта. Узундугу 18—20 чакырым. Жазылыгы кире беришинде 6,6 чакырым, төрүндө 1,2км. Жээк сызыгынын узундугу 103,44 чакырым. Булуң көп сандаган буйткалар менен колтуктарды пайда кылган агын суу өрөөндөрү менен тилмеленген.

21 булуң-буйтка бар; ирилери: Кутургу, Күрмөнтү, Кош-Сары-Булак, Сары-Булуң жана башкалар Таманын дээрлик кара баткак каптап 20 м тереңдикке чейин хара балыры өсөт, жээк тилкеси менен буйткалардын төр жагы рдест жана башкалар биомассаларга бай. Булуңга Түп суусу куят. Түп булуңунун тунуктугу чыгыш бөлүгүндө 0,3—0,5 м, ачык бөлүгүндө 2—3 м, кире беришинде 8—10 метрге жетет. Түп булуңу Ысык-Көлдүн кышында тоңуучу бирден бир бөлүгү, ноябрдын аягында тоңуп, апрелдин башында муздан арылат. Жайында суусунун темпрасы 22—26°Сге жетет.Түп өрөөнүЫсык-Көл өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө. Түндүгүнөн Күнгөй Ала-Тоо, түштүгүнөн Тасма тоосу менен чектешет. Башталышы (Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында) узундугу 50—55 чакырым, туурасы 3—4 чакырым келген кууш капчыгай. Өрөөндүн аянты 1180 чарчы/чакырым, жазылыгы чыгышында 5—7 чакырым, батышында 25—30 чакырым. Таманынын жазылыгы 50—100 метрден 10—15 чакырымга, бийиктиги 1606 метрден 4000 мге чейин өзгөрөт.

Баш жагы тик капталдуу зоокалуу келип, тепши сымал, орто бөлүгү жайыгыраак келип, малга жайлуу, төмөнкү бөлүгү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өтө ыңгайлуу. Түп өрөөнү эрозиядан пайда болгон; гранит, конгломерат, кумдук жана башка тектерден турат. Климаты континенттик, июлдун орточо температурасы түзөң бөлүгүндө 15—20°С, тоолуу жеринде 10—15°С, январдыкы —5°С... -15°Сге чейин, жылдык жаан-чачыны 500—700 мм. Ири суулары: Түп, Табылгыты, Кең-Суу, Талды-Суу, Шаты, Көөчү жана башкалар Күрөң-тоо, тоо-шалбаа топурагы басымдуу. Түздүк бөлүгүндө өзөндү бойлой тал токою, 2500 мден 3000 метрге чейин карагай токою өсөт. Күнгөй беттерди арча ээлеген. Өрөөндө Түп, Талды-Суу, Сары-Тологой, Сан-Таш, Токтоян, Долон жана башкалар айылдар жайгашкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)