Түп козголоңу


Түп айылында 1919-жылы 26-июлда Совет бийлигине каршы чыккан козголоң. Ак гвардиячы Демченконун 300 кишиден турган кошууну баштаган. Караколду, Ысык-Көлдүн түндүк тарабын ээлеп, Оштогу басмачыларга кошулуу козголоңчулардын негизги максаты болгон. Аларды Покровка, Сазановка, Түп, Николаевка, Михайловка, Семёновка айылдарынын кулактары колдогон.

24нөн 25-июлга караган түнү козголоңчулар Түп (Преображенский) айылын басып алышып, 15 советтик жана партиялык кызматкерлерди туткунга түшүрүшүп, коңшу кыштактарда жашагандарды кошуундун курамына тартышып, Совет өкмөтүнө каршы үгүттөө иштерин жүргүзүшкөн. Демченконун кошууну Караколду курчоого алган. Шаарды коргоо үчүн аскердик кеңешке шаардын тургундары, ыктыярдуу кошуундар, кызыл аскер бөлүктөрү киришкен.

Бириккен коргоо кошуунун уезддин аскер комиссары И. Я. Терно жетектеген. Башында Ф. А. Кузнецов, Я. В. Чичасов, А. Н. Почкалов, М. Сүйүнбаев жана башка турушкан чакан аскер бөлүктөрү Токмоктон Ф. С. Дубовицкийдин, Жетисуу фронтунун Жаркен–Каракол участкасынан М. Н. Кравцовдун жана Верныйдан кызыл гвардиячы кошуундары келгенге чейин шаарды коргоп турушкан.

Аларга «Жаңы заман», «Биримдик» коммуналарынын мүчөлөрү тамак-аш азыктары менен чоң жардам көрсөтүшкөн. 26-июлда ак гвардиячылар талкаланып, тоо таянып качышкан. Түп, Кызылсуу жана башка бошотулуп, бардык жерде Совет бийлиги орнотулган.

"Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия" Бишкек 2003.
"Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору"
"И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети"
"Башкы ред. Ү. А. Асанов, жооптуу ред. А. А. Асанканов".
"Ред кеңеш: Ө. Ж. Осмонов (төрага) Т. Н Өмүрбеков"





2016-08-10 35 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10