Түндүк Кыргызстандын Россия менен элчилик алакалары


19-кылымдын биринчи чейрегинде Кокон хандыгы тараптан кол салуу коркунучу күчөгөн кырдаалда ага өзүлөрү каршы тура албастыгына көздөрү жеткен айрым аркалык кыргыз урууларынын башчылары Россиядан жардам алууга, калканч табууга үмүттөнүп, ал жакка элчи жөнөтө башташкан. Буга Цин империясынын душмандык аракеттери да түрткү болгон. Кыргыздар менен алака түзүүгө Батыш Сибирдеги орус төрөлөрү да ынтызар эле.

Кыргызстандын түндүгү, Теңир-Тоо аркылуу Чыгыш Түркстанга жана башка өлкөлөргө өтчү соода жолунун бейкуттугун, орус кербендеринин коопсуздугун кыргыздар гана камсыз кыла алмак. Россиялык соодагерлердин Ала-Тоо аймагын аралап өтүшү үчүн кыргыздардын макулдугун алуу максатында орус улуктары Ысык-Көлгө 1811–13-жылдары бир нече (3) кербен жөнөтүп, бугунун бийлерине атайы кат менен кайрылган.

Кербендердин бирин Шералы бий жана Ниязбек бий жылуу кабыл алып, сый-урмат көрсөтүшкөн. Бийлер орус кербендеринин коопсуздугун камсыз кылууга, Кытай чегине чейин өз жигиттерине коштотуп берүүгө убада беришкен. 1813-жылы 21-ноябрда ысыккөлдүк кыргыздардын Шералы бийдин уулу Качыбек, Ниязбек бийдин уулу Жакыпбек баш болгон элчилери Семейге жол тарткан. Элчилер 1814-жылы 5-январда Семей чебине келип, Батыш Сибирь генерал-губернатору Г. И. Глазенап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Кыргыз элчилери өз эли Россия менен соода-сатык жүргүзүүнү каалашарын, алардын мекени аркылуу коңшу өлкөлөргө россиялыктардын бейкапар өтүшүн камсыз кылууга көмөктөшүүгө даяр экендигин билдиришкен жана Петербургга коё берүүнү суранышкан, падышанын ошол кезде борбордо жок экенин шылтоолоп, Г. И. Глазенап макул болгон эмес.

Орус төрөсү Россия мамлекети кыргыздар менен экон. жана саясий карым-катнаштарды улантууну, өнүктүрүүнү көздөөрүн билдирген. Кыргыз элчилерине падышанын атынан урмат көрсөтүлүп, Качыбекке алтын чен (медаль), Жакыпбекке каухар таш чөгөрүлгөн шакек тартууланган. Мындан тышкары Г. И. Глазенап элчилерге капитан наамын, атайын аларга арналган кылычтарды берүүгө убада кылган. Элчилер Омск жана башка чептерде, Барнаулдагы заводдордо болушат.

Ысык-Көлгө кайтканда алар Батыш Сибирдеги орус бийлигинен кат ала келишкен. 19-кылымдын 20-жылдарында ысыккөлдүк кыргыздардын орус төрөлөрү менен саясий байланыштары кайрадан жандана баштаган. Буга кыргыз айылдарына келген орус соодагерлеринин ишмердиги да түрткү болгон.

Алсак, Семейдеги орус көпөсү С. Поповдун кызматчысы казандык татар Файзулла Сейфуллин, Семейде жашоочу ишимдик мещанин Б. А. Пиленков жана казак султаны Галий Адыловдун төлөңгүтү Уйсунбай Шүкүров бугунун үч уругунун (желдең, арык, белек) бийлерин Россияга элчи жиберүүгө көндүрүшкөн. Россияга жаңы элчилик жөнөтүүгө Кокон хандыгынын баскынчылык аракеттеринин күч алышы, Кытай богдыханынын аксымдыгы, бугулардын саяк, сарыбагыш жана башка уруулар менен чатакташуулары да себеп болгон. Ысык-Көлдүк кыргыздар 1821-жылы жана 1824-жылы Омскиге элчилерин жөнөтүшкөн.

Акымбек бий Олжобай уулу, Алгазы бий Шералы уулу, Алымбек бий Жапалак уулу баш болгон кыргыз элчилери (12 миңдей түтүн элдин атынан) 1824-жылы декабрда Семейге, 1825-жылдын башында Омскиге келишкен. Омскиде элчилер 25-майга чейин болуп, Омск облусунун акими С. Б. Броневский менен кезигишип, ага бугунун үч уругунун бийлеринин катын тапшырышкан. Кийинчерээк кыргыз элчилерин Батыш Сибирдин жаңы генерал-губернатору П. М. Капцевич кабыл алган.


Элчилер орус төрөлөрүнүн коңшу уруулар менен кагылыштарда бугу уруусуна калканч болуп, колдоо көрсөтүүнү өтүнүшкөн жана орус кербендерин Кашкарга жана Аксууга чейин коштоп барууга уруулаштары (бугулар) даяр экендигин билдиришкен. Омскидеги орус бийлиги элчилерге мындан ары кыргыздар менен карым-катнаштарын жакшыртууга убада кылган. Урмат көрсөтүү иретинде элчи башы үч бийге алтын медаль берилип, элчилерди 50 казак-орустан турган чакан кошуун коштоп, сапарга аттанган.

Кошуунга адегенде подполковник Ф. К. Шубин, кийин хорунжий Т. В. Нюхалев башчылык кылган. Кошуун менен кошо аскер дарыгери, поляк Ф. К. Зибберштейн кыргыз жерине келген. 1825-жылы августта элчилер Ысык-Көлгө кайтып келишкен. Россиялыктар кыргыз бийлерине Омскидеги орус төрөсүнүн катын жеткиришкен. Элчилик байланыштардын кыйла тереңдеген мезгили 40-жылдарга туура келет.

"Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия" Бишкек 2003.
"Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору"
"И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети"
"Башкы ред. Ү. А. Асанов, жооптуу ред. А. А. Асанканов".
"Ред кеңеш: Ө. Ж. Осмонов (төрага) Т. Н Өмүрбеков"

2016-08-10 94 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10