Түндүк Кыргызстандагы уруулар аралык чыр-чатактар


19-кылымдын 1-жарымында кыргыз урууларынын ортосунда жоокерчилик заманга мүнөздүү феодалдык кагылыштар тез-тез болуп турган. Айрыкча бугу менен сарыбагыштын чатагы узакка созулуп, аркалык кыргыздарды аябай алсыраткан. Уруулар аралык чыр - чатактардын максаты жана мүнөзү ар кандай болуп, ички, тышкы шартка, тарыхый кырдаалга жараша өзгөрүп турган.

Адатта мындай кагылыштар көбүнчө коңшу уруунун жылкысын тийүү, малын айдап кетүү, барымтага, туткунга алуу, олжого туйтунуу үчүн жүргүзүлчү. Кийинчерээк жер, жайыт талашкан чатактар көбөйүп кеткен. Ошону менен бирге айрым феодалдык төбөлдөрдүн өздөрүнүн саясий үстөмдүгүн кеңейтүү жана бекемдөө аракеттери да чыр-чатактарга түрткү берген. Сарыбагыш уруусунун чоң манабы Ормон хан Ныязбек уулу бүткүл түндүк кыргыз урууларынын үстүнөн бийлик жүргүзүүгө, кыргыз хандыгын түзүүгө далалаттанган.

Ормондун кыргыз жерин саясий жактан борборлоштуруу, бириктирүү аракеттерин айрым уруулардын манаптары колдогон эмес. Ошондуктан ага өз алдынча болууну эңсеген, анын бирдиктүү бийлигине караганда бытырандылыкты артык көргөн тең ата уруулардын ак сөөктөрү менен чатакташууга туура келген. Мындан тышкары Ормон коңшу өлкөлөр Кытай менен Кокон хандыгынын бөлүп-жаруучулук аракеттерине жана улам таасири күчөп келе жаткан Россиянын кыйды саясатына кабылган. Алардын ар биринин тымызын максаттары болгон.

Ал өлкөлөрдүн өкүлдөрү, тыңчылары кыргыз урууларын астыртадан кайраштырып, чатакташтыруудан да кайра тарткан эмес. Сарыбагыш, саякчатагы. 19-кылымдын 1-жарымында сарыбагыш, саяк, бугу, солто уруулары өз ара кагылышып турушкан. Солто менен сарыбагыштын 20-жылдардын башындагы чабышы ошондой кагылыштардын алгачкысы эле. Бул чатак Чүй боорун Мадалы хан каратып ала баштаган учурга дал келип, аймакта Кокон үстөмдүгүнүн орношун кыйла жеңилдеткен. 30-жылдардын орто ченинде сарыбагыш, жана саяк уруулары өз ара жоолашкан.

Эки уруунун чоң манаптарынын ичара таарынычы, менменсинип, бири-бирин басмырлоолору, шылдыңдоолору буга себеп болгон. Ортого атайылап от жаккан ниети бузук адамдар да белгилүү роль ойногон. Эрегиште эр өлүп, бейкүнөө эл азап чеккен. Сарыбагыштын чоң манабы Ныязбектин тууганы Айдаке баатырды саяктын чоро уругунан чыккан Жанболот бийдин жылкычылары шылдыңдап, намысына тийишкен. Ал Ниязбекке даттанып барат. Ниязбек чоро, курманкожо уруктарынын чоң манаптары Качыке баатыр менен Медет даткага жигиттерин жиберип, Жанболот бийди айыпка жыгууну талап кылат, антпесе, анын айылын чаап алам деп коркутат.

Чатак ырбап, жаңжал чыккан. Ныязбектен кордук көргөн Качыке баатыр Нарын, Атбашы, Акталаа, Тогузтородогу саяктардан кол курап, эки жыл даярданган соң, Жумгалдан Чүйдөгү сарыбагыштарга каршы жоортулга чыккан. Желаргы-Тайгак деген жерде жайбаракат жаткан Ныязбектин айылына капилеттен кол салган Качыке баатырдын кошууну айылды чаап, мал-мүлкүн талап, жылкысын айдап кеткен. Ныязбек сарыбагыштардан шашылыш жигит жыйнап, саяктардын артынан жөнөйт. Бирок «Ныязбектин сегиз бек» деген атакка конгон уулдары жетектеген сарыбагыш колу Шамшы капчыгайынын оозундагы айкашта саяктардан жеңилген.

Эки тарап жапырт беттештерден мурда Ныязбектин Ормон жана Субанбек деген уулдары сайышка түшүп, саяк баатырлары Эралы менен Кожобердиден жеңилип калышкан. Тополоңдо сарыбагыштар көп жоготууга дуушар болуп, Ормон туткунга түшөт. Ал 8 ай бою саяктарда туткунда жүрүп, араң качып кутулган. Саяктар менен сарыбагыштардын чабышы кокусунан болгон эмес. Эң башкы себеби, ошол кезде Ныязбек Эсенгул уулу башында турган сарыбагыш манаптарынын Кочкор жана Жумгал өрөөндөрүндөгү мыкты жайыттарды ээлеп алуу жана чоро, курманкожо, кулжыгач сыяктуу чачкынды саяк уруктарын, Ысык-Көлдүн батышындагы саяктарды өз бийлигине баш ийдирүү максаты болгон. Бугу – саяк чатагы.

Ошол эле 30-жылдарда саяк менен бугу урууларынын ортосунда ичара талаш-тартыштар күчөйт. Саны арбын бугу уруусу, ар кайсы аймактарда бытыранды жашаган саяктарга үстөмдүк кылып, көбүнчө жеңишке жетишип турган. Бугу баатыры Ногойдун жортуулунун учурунда Медет датканын уулу Айтак баатыр набыт болот. Медет датка кокондуктардан жардамга аскер сурап алып, бугуларды Текеске чейин сүргөн. Олжолорун, туткундарды кийин Айтактын ашында байгеге сайган. Мындан көп өтпөй бугуларга саяктардын дагы бир чоң манабы Качый кол салган.

Кокондук кошуун колдогон саяк колунун чабуулуна туруштук бере албай, бугулар Каркыра, Текеске чегинген. Бирок Качый бугулардын капысынан уюштурган чабуулуна кабылып, Керойт батырдын колунан өлгөн. Кол башчысынан айрылган саяктар кайра тартууга мажбур болушкан. Бугулар да жөн жатып калган эмес. Бугулардын саяктарга каршы жортуулдарынын бирине Балбай баатыр жетекчилик кылган. Жалтанбас эрдиги, көкжалдыгы менен даңкы чыккан Балбай баатыр курманкожо уругунун чоң манабынын сай күлүк атына, Медет датканын Аксыйнат аттуу сулуу кызына көзү түшүп, аларды колго тийгизүүнүн эбин таппай жүргөн.

Бирок анын башкы максаты оңой олжого, жаңы жайытка ээ болуу, бугу уруусунун манаптарынын саясий таасир чөйрөсүн кеңейтүү эле. Балбай баатыр Жумгалдагы курманкожо, кулжыгач айылдарына жортуул уюштурган. Бугунун чоң манабы Боромбай Бекмурат уулу да бул жортуулга катышкан. Балбайдын жортуулга чыкканы жөнүндө алдынала кабар алган Дөөлөт баатыр кармашка жакшылап камынганга үлгүргөндүктөн, Жумгалга келгенде бугулар саяктардын катуу каршылыгына кабылып, Балбай өзү чалгынга чыкканында колго түшкөн.

Саяктар анын кулагын кесип, узак убакыт туткун катары кармашкан. Кийин туугандары көп мал берип жатып, араң куткарып алышкан. Кектенип калган Балбай баатыр өч алуу үчүн саяктарга кайра-кайра кол салып турган.

"Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия" Бишкек 2003.
"Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору"
"И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети"
"Башкы ред. Ү. А. Асанов, жооптуу ред. А. А. Асанканов".
"Ред кеңеш: Ө. Ж. Осмонов (төрага) Т. Н Өмүрбеков"

2016-08-10 89 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10