Түндүк-Чыгыш Фергана нефть–газ району


Түндүк-Чыгыш Фергана нефть–газ району – Жалал-Абад облусунун Аксы, Базар-Коргон жана Сузак райондорундагы нефть менен газ кендери жайгашкан ири аймак. Район батышынан Нарын дарыясы, түндүгүнөн Фергана тоолорунун (Бабаш-Ата, Чаактоо) түштүк этектери, чыгышынан Көгарт өрөөнү, түштүгүнөн Карадарыя менен чектешет. Мында Избаскан, Майлы-Суу, Чаңгыр-Таш ж. б. нефть газ кендери бар. Бул кендердин айрымдары 19–кылымдын аягынан белгилүү. Райондун аймагын мезозой жана кайнозой замандарынын чөкмө тоотектери түзөт. Нефть жана газ кендери триас, юра, бор мезгилдеринин ар кандай тереңдикте (383–3500 м) жайгашкан чопо, кумдук, конгломерат, акиташ тоотек катмарларында топтолгон. Пайдалуу кабаттардын калыңдыгы 5–15 м. Нефть бургулоо көзөнөгүнөн насос аркылуу сордуруп алынат. Бул райондун келечекте өнөр жайлык мааниси чоң.

2016-08-10 64 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10