Түндүк Ак-Таш сурьма кени


Түндүк Ак-Таш сурьма кени Баткен облусунун Кадамжай районунда, Алай кырка тоосунун түндүк капталында, Кадамжай шаарчасынан 2 км, Кадамжай кенинен 6 км түндүк-чыгышта, деңиз деңгээлинен 1200–1450 м бийиктикте. 1971-ж. табылган. 1975–80-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы силур, девон жана карбондун карбонат-терриген катмарларынан түзүлгөн. Руда карбондун карбонат-терриген тектеринин силур сланецтери менен болгон тектоникалык контагындагы жаспероид брекчияларында топтолгон. Руда өтө чачкын, катмар, линза жана уя түрүндө таралган флюорит-антимониттен турат. Калыңдыгы 25–30 м болуп, Түндүк (951000 м) жана Түштүк (80-900 м) рудалуу тилкеге бөлүнөт. Пайдалуу компоненттердин орточо өлчөмү: сурьманыкы – 0,54%, алтындыкы – 1,85 г/т, флюориттики – 19,6%. Руданын С2 категориясы боюнча запасы 6584,5 миң т, сурьманыкы – 35719 т, алтындыкы – 7,1 т, флюориттики – 1294 миң т. Кен Кадамжай тоокен комбинатынын сырьелук резерви.

2016-08-10 69 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10