Түндүк Ак-Таш флюорит кени


Түндүк Ак-Таш флюорит кени Баткен облусунун Кадамжай районунда, Кадамжай шаарчасынан 5 км түндүк-чыгышта, деңиз деңгээлинен 1300–2300 м бийиктикте. Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы сурьма кенин чалгындаганда кошо изилдеген жана 1978-ж. запасын эсептеген. Флюорит-сурьма рудасы формация аралык жаспероид катмарында топтолгон. Флюориттин комплекстүү рудалардагы орточо өлчөмү 13,24% болуп, өнөр жайлык концентрацияны түзөт. Флюорит түссүз, ачык жашыл, сыя көк түстө, идиоморфтук жана тарамча-чачынды түрдө кездешет. Флюориттин баланстагы запасы: С1 категориясы боюнча 655 миң т.

2016-08-10 49 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10