Түлөө


Түлөө — курмандык чалып жогорку күчтөрдөн, кудайдан ырайым тилеген ырым-жырым. Т. берүү жакшылыкты тилөө — эл-журттун, бала чаканын аман-эсендигин, жаратылыш кырсыктарын болтурбоону, оору-сыркоодон сакайганда, жоголгон адамдын же малдын аман-эсен табылгандыгына, кырсыктан аман калганда, жаңы тууган (эмчектеш) күткөндө жана башкалар жагдайларда берилген. Т. анимизм, шаманизм, тоо-таш, жер-суу, көк теңирге сыйынуу, тотемизм, магия сыяктуу диний ишенимдер менен тыгыз байланыштуу. Т-гө мал союлган, тогуз токоч жасалган, боорсок бышырылган. Бирок, ар бир окуяга жараша Т-нүн ар кандай мазмундары, жүрүш ирети болгон. Мисалы, "Манас" эпосунда Манас Алмамбет менен эмчектеш тууган болгондо садагага сары улак соёт, Алмамбеттин башына кызыл алтын, дилдеден чачыла кылат, челек-челек май эритип, анын башынан айлантып тайган иттерге берет, кийин — койдун эттерин Алмамбеттин башынан айлантып, канаттууга чокутуп дагы садага кылат, аягында Алмамбеттин үстүндөгү кийимин бир сыйра жаңылатып, эскисин карыптар алат. Анан чоң той берет. Т. берүү салты бүткүл дүйнө элдеринин тарыхында орун алып келген көрүнүш.

Түлөө — Манастын кырк чоросунун бири. Чоролордун катарында саналып айтылат. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо аты отуз бешинчи келген Т. тагдырына буюрган Калемкашка үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 426, 427).

2016-08-10 53 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10