Түлөбердиев Жамалбек


Түлөбердиев Жамалбек (1935-ж. т, Талас району, Кырк-Казык айылы) — энергетик, мамлекеттик ишмер. Кыргыз Республикасынын инженердик академиясынын (1992), Эл аралык инженердик академиянын (1994) академиги.
1956-ж. В. Р. Вильяме атындагы Москва суу чарба инженерлер институтун бүтүргөн.
1956-жылдан Аламүдүн ГЭС каскадынын гидротехникалык цехинде адегенде улук мастер, 1957-жылдан начальник болуп иштеген.
1960-жылдан Быстровка энергокомбинатында директор. 1971-жылдан Кыргыз ССР энергетика жана электрификация башкы өндүрүштүк башкармасынын башкы инженери, начальниги (1985-жылдан).
1989-жылдан Кыргыз ССР энергетика жана электрификация өндүрүштүк бирикмесинин генералдык директору, 1992-жылдан Кыргызэнергокомпаниянын, 1993-жылдан Кыргыз мамлекеттик-акционердик холдинг энергокомпаниянын президенти.
Түлөбердиев энергетика, гидроэнергетика жана гидротехникалык курулуш тармагындагы чоң адис жана уюштуруучу.
СССР Министрлер Советинин мамлекеттик сыйлыгынын (500 кВтуу Токтогул ГЭСи — Анжиян бийик тоолуу жогорку чыңалуудагы электр линиясын иштеп чыккандар жана кургандар менен бирге, 1979) жана Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыгынын (500 кВтуу Токтогул ГЭСи — Фрунзе жогорку чыңалуудагы электр линиясын иштеп чыккандар жана кургандар менен бирге, 1980) лауреаты. Эки жолу Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу ордендери жана медалдар менен сыйланган. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген энергетиги, СССРдин ардактуу энергетиги. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (1985-жылдан) депутаты.

2016-08-10 39 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10