Түлөбердиев Океш


Түлөбердиев Океш (1904, Тоң району, Ак-Өлөң айлы — 1972, Ак-Суу району, Маман айлы) — колхоз өндүрүшүн уюштургандардан. Социалистик Эмгектин Баатыры (1957). 1932-жылдан КПСС мүчөсү.
1928—32-ж. Каракол шаарындагы ишканаларда жумушчу.
1934-ж. Ак-Суу районундагы Зындан айыл кеңешинде төрага.
1941—43-ж. Советтик Армиянын катарында. Аскерден келгенден кийин Октябрь айыл кеңешинин, андан кийин «Жаңы Жылдыз» (Ак-Суу району) колхозунда башкарманын төрагасы болгон. Анын жетекчилиги менен чарбанын экономикасы чыңдалып, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлугү жогорулаган, малдын саны менен продуктуулугу өскөн.
2 Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган. Ысмы Каракол шаарынын жана айылдын көчөлөрүнүн бирине коюлган.

2016-08-10 64 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10