Тоголок алтын кени


Тоголок алтын кени Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда, Жангарт суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 3600–3900 м бийиктикте. 1978-ж. табылган. 1977–82-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын пермдин жангарт порфир сымал гранит, граносиенит–рапакиви массиви түзөт. Руда сульфид минералдарынын чачынды-тарам, чачынды түрдө болуп, граниттеги талкаланган жана кварцталган зоналар менен байланышкан. Негизги руда минералдары: нукура алтын, пирит, марказит, арсенопирит. Рудадагы алтындын орточо өлчөмү 4,7 г/т. Руданын запасы жана ресурсу 5773,5 миң т, алтындыкы – 27,163 т.

2016-08-10 50 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10