Тоган Ахмед Зеки Велиди


Ахмед Зеки Велиди Тоган (Валидов) (башкырча Әхмәтзәки Әхмәтшаһ улы Вәлидов), бозгунчулуктагы аты Ахметзеки Велиди Тоган (түркчө Ahmed Zeki Velidi Togan) – башкырлардын даанышман окумуштуусу, чыгыш таануучу, түрколог, кыргыз таануучу, башкыр таануучу, коомдук ишмер. Башкортостандын эгемендиги үчүн кыймылдын лидери. Философия доктору, профессор. Булак таануу боюнча бараандуу адис.

Ахмед Зеки Велиди Тоган (Валидов) 1890-жылы падышалык Орусиянын Өфө (Уфа) губерниясына караштуу Астарлетамак (Стерлитамак) үйөзүндөгү Көзен деген кыштакта билимдүү кишинин (молдонун) үй-бүлөсүндө туулган.

Бул кыштак – азыркы Орусинын Башкортостан жумуриятындагы Ишембай районунун Көзен айылы болуп калды.

Бала чагынан арап, фарсы, чагатай түрк, орус тилдерин үйрөнгөн.

Оболу атасынын мектебинде, андан соң азыркы Гафури районундагы Үтек айылында мектепте таалим алат.

1908-жылы күзүндө ал азыркы Татарстандын ордосу Казан шаарында байырлап, мындагы "Касимия" медресесинде окуйт.

Стдент кезинде эле ал мугалим болуп иштеп, шаардын коомдук иштерине жигердүү катыша баштайт.

Ал "Касимия" медресесинде түрк тарыхы, арап жана түрк адабияты сабактарынан дарс берет.

1912-жылы анын "Түрк-татар тарыхы" китеби жарык көрөт.

Жаш окумуштуу менен Казан университетинде иштеген атактуу чыгыш таануучулар Николай Катанов, Ашмарин, Василий Богородицкий, ошондой эле Санкт-Петербург университетинде иштеген академик Василий Бартольд тыгыз кызматташтыкта болгон.

1912-жыл менен 1917-жылдын аралыгында Ахмет Зекинин отуздай илимий эмгеги жарык көрөт.

1913-жылы Ахметзеки Велиди Орусиянын Илимдер академиясыын тапшырмасы менен Фергана өрөөнүнө жана 1914-жылы Бухара хандыгына илимий сапарга аттандырылат.

Экинчи сапарында ал Курандын түркчө котормосунун кол жазмасын (10-кылым) тапкан.

Ахмед Зеки Велиди Тоган 1914-жылы Уфага (Өфө шаарына) кайтып келет.

Мында ал Османийа медресесинде иштей баштайт.

1915-жылы падышалык Орусиянын Мамлекеттик Думасынын 4-чакырыгына депутат болуп шайланып, андагы Мусулмандар фракциясынын ишине катыша баштайт.

1917-1918-жылдары – Улуттук Мажилистин депутаты.

1917-1920-жылдары ал Башкортостан калкынын улуттук боштондук кыймылын жетектеди.

Бул идеясын жүзөгө ашыруу үчүн В. Ленин башындагы болшевиктик өкмөт менен да кызматташты.

Акыры өз идеясы жүзөгө ашпаган соң, болшевиктер менен кол үзүштү. Аны камашаарында Борбордук Азияга качып кетүүгө үлгүрдү.

Фергана өрөөнүнө чейин барып, жергиликтүү калктардын эгемендиги үчүн күрөшкө салым кошту.

1923-жылы февралда Ахмед Зеки Велиди Тоган СССРден чет элге биротоло чыгып кетти.

Ал башкыр элине жана андан соң Владимир Ленинге жолдогон каттарында саясаттан таптакыр баш тартканын маалымдаган.

Ахмед Зеки Велиди Тоган өмүрүнүн калган бөлүгүн толугу менен илимге багыштаган.

Ахмед Зеки Велиди Тоган Европадагы Вена, Лондон, Берлин, Бонн шаарларында дарстар окуган.

Ахмед Зеки Велиди Тоган Түркияга келип, 1927-32-жылдары Стамбул шаарындагы Стамбул университетинде сабак берген.

1935-жылы Вена шаарында "Ибн Фадландын сапарнаамеси" аттуу темада доктордук диссертациясын коргогон.

1935-37-жылдары Бонн университетинин, 1938-39-жылдары Гөттинген университетинин профессору болгон.

Ахмед Зеки Велиди Тоган Экинчи дүйнөлүк согуштун босогосунда Батыш Европадан Түркияга кайтат.

Ал 1939-44, 1948-70-жылдары Стамбул шаарындагы Стамбул университетинде сабак берген.

Ал кыргыздын таанымал диссиденти, журналист Азамат Алтай менен да тааныш болгон. 1950-жылдары Азамат Алтайдын Стамбул университетине өтүшүнө көмөк көрсөткөн.

Ахмед Зеки Велиди Тоган 1970-жылы 26-июлда Түркияда дүйнөдөн өттү.

Анын сөөгү Стамбулдагы Каража-Ахмед көрүстөнүндө жерге берилген.

Ахмед Зеки Велиди Тогандын кызы профессор Исенбике Тоган да атасынын жолун жолдоп, чыгыш булактарын (анын ичинде фарсы, кытай булактарын) иликтеген белгилүү чыгыш таануучу, түрколог болуп саналат.

Ахмед Зеки Велидинин уулу болсо - так илимдер жаатында окумуштуу.

"Жалпы түрк тарыхына кириш" (Стамбул, 1946), "Азыркы Түркстан жана анын жакынкы өтмүшү" (Стамбул, 1942-47), "Тарыхый изилдөөлөрдөгү методология" (Стамбул, 1950), жана башка илимий монографияларды жарыялаган.

1953-жылы Стамбул университетинде ачылган Ислам изилдөө институтун башкарган.

"Ислам энциклопедиясы" аттуу көп томдуктун эл аралык авторлорунун бири болгон.

Ахмед Зеки Велиди Тоган илим чөйрөсүнө бир нече олуттуу жазма булакты киргизген.

Маселен, 1923-жылы мартта Ирандын Мешхед шаарында Равз китепканасынан Ибн Фадландын "Сапар китебин" жана башка маанилүү булактарды тапкан.

Ахмед Зеки Велиди Тоган (Валидов) байыркы жана орто кылымдардагы кыргыз тарыхынын булактары боюнча белгилүү адис.

Ал кыргыздардын тарыхын ырааттуу караган окумуштуу болгон.

Анын пикиринде, энесайлык кыргыздардын алгачкы топтору монгол чапкындарынан алда канча мурда эле Теңир-Тоо аймагына келип байырлаган.

Башкыр чыгыштаануучусу, профессор Ахмед Зеки Велиди Тоган "Кыргыз" этноними тууралуу жоромол кылып, анын байыркы түрү «кыркыр» же «кыркер» болсо керек деп түкшүмөлдөгөн.

Чыгыш тилдерин үйрөнүү жаатындагы немистик коомдун мүчөсү болуп шайланган.

Ахмед Зеки Велиди Тоган Британиянын Манчестер университетинин ардактуу доктору (1967-жыл наамын алган.

Финляндиянын финн-угор илимий коомунун мүчөсү болуп шайланган.

Ирандын агартуу министрлигинин 1-даражадагы алтын медалы менен сыйланган.

Ахмет Зеки Велиди Тоган паркынын ачылыш аземине Орусия Федерациясы Башкортостан Республикасынын Вице-Премьери Зүхре Рахматулина, ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүсен Касеинов, маданият жана туризм министрлигинин кеңешчи орун басары Кемал Фахир Генч жана Кечиөрен районунун шаар башчысы Мустафа Ак катышты.

Башкортостан Автономиялык Республикасынын Вице-Премьери Зүхре Рахматулина Тогандын башкырлар үчүн маанисине токтолуп, түрк дүйнөсүнө таандык илимпоз болгонун баса белгиледи. Анкара шаарынын Кечиөрен районунун шаар башчысы Мустафа Ак да ачылыш сөзүндө, Ахмет Зеки Велиди Тогандын Башкыртстандын күнү, нуру болгонун белгилеп, Түркия үчүн да маанилүү салымдарды кошкон Тогандын аты коюлган бир паркты Кечиөренде ачканы үчүн абдан бактылуу болгонун айтты.

Маданият жана туризм министрлигинин кеңешчи орун басары Кемал Фахир Генч да өз сөзүндө түрк дүйнөсүнө кошкон чыгармаларынан улам маркум Тоганга ыраазылыгын билдирди. Ачылыш аземи маалында башкыр элдик музыка концерти болду.

2016-08-10 77 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10