Төрө слюда кени


Төрө слюда кени Баткен облусунун Лейлек районунда, Исфара кыштагынан 75 км түштүк-батышта, Төрө суусунун өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 4000 м бийиктикте. 1953-ж. геол. изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Альбит-касситериттүү, альбит-берилл-мусковиттүү жана бериял-мусковиттүү курамындагы 35 пегматит тарамы белгилүү. Алардын калыңдыгы 2–3 м, узундугу 5–200 м. Эки тарамда мусковиттин өлчөмү 4,6–5,3 кг/м3, калган тарамдарда 2,5 кг/м3ден ашпайт. Мусковиттин өңү күмүштүкүндөй, 45 смден 1010 смге чейин чоңдуктагы пластинкалардан турат. Жанчылган слюданын 1 кгдагы өлчөмү 2,5 см2/см3ден ашпайт. 9 тарамдын запасы С1 категориясы боюнча 53 т, С2–14 т.

2016-08-10 45 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10