Төөкарын мусковит кени


Төөкарын мусковит кени Талас облусунун Талас районунда, Талас шаарынан 35 км аралыкта, Ачыкташ суусунун башатында, деңиз деңгээлинен 2900 м бийиктикте. 1983-ж. геол. съемка жүргүзүүдө табылган. Нельдин свитасынын (протерезой) мусковит-гранат-кварцтуу кристаллдык сланецтерде майда каңылтыр сымал мусковит белгилүү. Сланецтердеги мусковиттин өлчөмү 58–76%. Мусковиттин курамында жалпы темирдин өлчөмү 2,45%. Слюданын арбын болушу жана темирдин слюдадагы аз өлчөмү аны өнөр жайлык сырьё катары пайдаланууга мүмкүндүк берет. Мусковиттин болжол ресурсу 50,7 млн т.

2016-08-10 34 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10