Төлөйкөн чопо кени


Төлөйкөн чопо кени Ош облусунун Кара-Суу районунда, Ош шаарынан 8 км түштүк-батышта, Алай адырларынын түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1085–1140 м бийиктикте. 1967–68- жана 1975–76-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын антропоген мезгилинде пайда болгон борпоң чөкмө тектер түзөт. Пайдалуу кумайлуу чопо катмарынын калыңдыгы 30 м, узундугу 1400 м. Кумайлуу чопо лёсс сымал, өңү саргыч боз, саргыч күрөң түстө. Катмардын үстү борпоң, улам тереңдеген сайын нык. Көлөмдүк салмагы 1,63–1,73, орточо ийилгичтиги 4,52%. Кумайлуу чопо химиялык-технологиялык касиети боюнча «100», «75» жана «50» маркасындагы кирпич даярдоого жарамдуу. Запасы В категориясы боюнча 552 миң м3, С1 – 3124 миң м3, В+С1 – 3676 миң м3. 1996-жылга карата калган запасы С1 категориясы боюнча 1246 миң м3.

2016-08-10 50 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10