Төлөбеков Өмүрзак


Төлөбеков Өмүрзак – жазуучу. Талаc облусунун Манас районунун Ак-Таш айылында 1960-жылдын 21-августунда туулган. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

1977–1978-жж. Манас районунда совхоздо жумушчу, 1978–1984-жж. Киров районунун "Октябрь таңы" гезитинде кабарчы, бөлүм башчы, редактордун орун басары, 1984–1985-жж. Талас облустук "Ленин туусу" гезитинде кабарчы, 1985–1986-жж. республикалык "Ленинчил жаш" гезитинде кабарчы, 1986–1990-жж. "Советтик Кыргызстан" гезитинде кабарчы, 1990–1991-жж. "Жаш ленинчи" журналында жооптуу катчы, 1991–1993-жж. "Ак бата" гезит жана журналында башкы редактор, 1993–1994-жж. М. Горький атындагы адабий институттун жогорку адабий курсунун угуучусу, 1994–1999-жж. "Кыргызстан" журналынын башкы редактору, 2009-жылдын июнь айынан "Ак жол" элдик партиясынын пресс-катчысы, август айынан "Ак жол" гезитинин башкы редактору болуп иштеген.

1993-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Мен сени сүйөм: Аңгемелер. - Б.: Эркин-Тоо, 1993. - 104 б.

Баткен. - Б.: Басма тамга, 2000. - 128 б.

Сүйүү жана миллион: Повесттер жыйнагы.- Б.: Басма тамга, 2004. - 128 б.

Революцияга арналган өмүр же бир тууган Бакиевдер: Документалдуу повесть. - Б.: Учкун, 2007. - 188 б.

Айыл башчы. - Б.: Бийиктик, 2008. - 144 б.

Так талаш. - Б.: СБС, 2008. - 128 б.

Тыс-с, любовь разбудешь: Повесттер жыйнагы. - Б.: Илимдер Академиясы, 2000. - 128 б.

Жизнь посвященная революции или братья Бакиевы: Документальный повесть. - Б.: Учкун, 2007. - 168 б.

2016-08-10 50 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10