Төлөбаев Мухуддин


Төлөбаев Мухуддин - жазуучу, акын. Панфилов районунун Эркин-Сай айылында 1940-жылы 15-январда туулган. 1947-1957-жж. Эркин-Сай айылындагы орто мектебин, 1964-жылы Айыл-чарба институтунун ветеринардык факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1964-жылы Ош облусунун Фрунзе районундагы Халмион ветеринардык участкасынын башчысы болуп иштөөдөн баштаган. 1967-жылы райондук ветеринардык станциянын башкы эпизоотологу болуп иштеп жүрүп райондогу Кадамжай совхозунун башкы ветеринардык врачы кызматына дайындалган.

1970-жылы Кыргызстан мал чарба жана ветеринария илим-изилдөө институтундагы Гельминтология лабораториясына аспирантурага өткөн. Жылкылардын негизги мите ылаңдары боюнча иликтөө-изилдөө иштерин жана илимий тажрыйбаларын жүргүзүп, илимий иштерин ийгиликтүү коргоп ветеринария илимдеринин кандидаты деген илимий даражага татыктуу болгон.

Гельминтология лабораториясында кенже илимий кызматкер болуп 1973-1976-жылдары эмгектенип жүрүп, 20дан ашык илимий макалаларды жазган.

1976-1988-жж. Республикалык мал чарба жана ветеринария илим-изилдөө институтунун өндүрүштүк башкармалыгында башкы ветеринардык врач, 1988-1994-жж. Республикалык атайын малды бордоо адистештирилген өндүрүштүк бирикмесинин башкы ветеринардык врачы, 1994-2003-жж. Республикалык мамлекеттик ветеринардык департаментте ветеринардык инспектор болуп иштеген.

1996-2003-жж. "Ветеринария" гезитин уюштуруучулардын бири катары, кабарчы, башкы редактордун орун басары, башкы редактор болуп эмгектенген.

Кыргыз совет энциклопедиясынын 3-5-6-томдуктарына, "Кыргызстандын айыл чарбасынын энциклопедиясынын" 1-2-томдугуна автор катары макалалары жарык көргөн. 1999-жылдан Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун, 2000-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Кой-эчкилердин бөгөнөк ылаңына каршы күрөшүү. - Ф.: Кыргызстан, 1986. - 56 б. (авторлош).

Чабандын малга ветеринардык алгачкы жардам көрсөтүүсү. - Ф.: Кыргызстан, 1988. - 61 б.

Ветеринар акын Жолон Мамытов 60 жашта: Эскерүүлөр. - Б.: Эркин-Тоо, 2000. - 94 б.

Саяпкерге сабак. - Б.: Эркин-Тоо, 2000. - 66 б.

Доор сапары: Арноо ырлары. - Б.: Мектеп, 2001. - 376 б.

Доор сапары-2: Арноо ырлары. - Б.: Бийиктик, 2004. - 428 б.

Жайыл баатыр: Дастан, тарыхы, санжыра (авторлош). - Б.: Бийиктик, 2004. - 680 б.

Жайыл баатыр-2: Асыл ойлор, тарыхы, санжыра (авторлош). - Б.: Бийиктик, 2005. - 496 б.

Жайыл атанын жана балдарынын асыл ойлору. - Б.: Бийиктик, 2005. - 400 б.

Доор сапары-3: Арноо ырлары. - Б.: Бийиктик, 2005. - 376 б.

Доор сапары-4: Арноо ырлары. - Б.: Бийиктик, 2007. - 364 б.

Доор сапары-5: Арноо ырлары. - Б.: Бийиктик, 2008. - 360 б.

Залкарлардын арбагына таазим. - Б.: Бийиктик, 2008. - 192 б.

Эне тилим. - Б.: Басма-тамга, 2008. - 38 б.

Техника: Накыл сөздөр. - Б.: Бийиктик, 2009. - 40 б.

2016-08-10 56 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10