Ткандар (биологияда)


Ткандар (биологияда) — организмдин табияты, түзүлушү жана функциясы окшош клеткалар системасы. Ткандардын курамына ткань суюктугу жана клетканын тиричилик аракетинин продуктулары кирет. Жаныбар жана кишинин Ткандары негизинен 4 топко (эпителий, тутумдаштыргыч, булчуң жана нерв Ткандары) бөлүнөт, жайгашкан органына жараша коргоо, бөлүп чыгаруу жана соруу кызматтарын аткарат. Эпителий дененин жана ички органдардын сырткы, ички беттерин каптап турат. Эпителий Ткандарында клеткалар бири-бирине тыгыз жатышат жана калкалагыч касиетке ээ. Тутумдаштыргыч Ткандар түзүлүшү жана аткарган кызматы жагынан ар түрдүү. Алар – кан, сөөк, кемирчек, тордомо, кадимки тутумдаштыргыч Ткандар - трофиктик (азыктандыруу), коргоо, кан пайда кылуу, газ алмашуу, таяныч ж. б. функцияларды аткарат. Тутумдаштыргыч Ткандарда клеткалар адатта бири-бирине тыгыз жайгашпайт. Булчуң Ткандары булчуң талчаларынан туруп, организмдин кыймыл функциясын аткарат. Түзүлүшү боюнча булчуң Ткандары скелет булчуңдарын түзгөн туура ала булчунга жана ички органдардын Ткандарын түзгөн жылма булчуңга айырмаланат. Булчуң Ткандары туюу жана жыйрылуу касиетине ээ. Нерв Ткандары мээ менен жүлүндүн негизин түзөт. Нерв Ткандарын түзүүчү клеткалар нейрондор деп аталат. Нерв Ткандары сырткы чөйрөдөн жана организмдин өз органдарынан келген дүүлүгүүлөрдү кабыл алып, аны талдап жана ага жооп кайтарат, организмдин бардык тиричилик аракетин башкарат жана координациялайт. Өсүмдүк Ткандары түзүүчү, жабуучу, негизги, механикалык, өткөрүүчү жана бөлүп чыгаруучу Ткандарга айырмаланат. Түзүүчү Ткандар же меристема – ядросу ири, цитоплазмасы коюу, жука чел кабыктуу тыгыз жайгашкан бирдей клеткалардан турат. Алар дайыма бөлүнүп көбөйүп, жайгашкан ордуна карата уч, кыстырма, каптал жана жабуучу меристемага айырмаланат. Каптал меристемага камбий кирет. Камбий клеткаларынын бөлүнүшүнөн өсүмдүктүн тамыры жана сабагы жооноюп өсөт. Жабуучу Ткандар өсүмдүктүн сырткы бетин каптап, аны сырткы чөйрө таасирлеринен (температуранын кескин өзгөрүшү, катуу шамал, күндүн өтө ысык тийишинен ж. б.) ашыкча буулануудан, өсүмдүккө зыяндуу микроорганизмдердин, мите козу карындардын киришинен сактайт. Бул Ткандар эпидерма, пробка, кабыктан турат. Эпидерма Ткандар бири бирине өтө тыгыз бир катмар жайгашкан тирүү жалтырак клеткадан турат. Кабык пробка Ткандар көп катмарлуу клеткалардан турат жана сырткы катмары өлүү клеткалар болуп, суу, абаны өткөрбөйт. Негизги же паренхималык Ткандар өсүмдүктүн сабак, тамыр ж. б. органдарында болот. Алар өсүмдүктүн ар кайсы органдарынын көп бөлүгүн ээлейт жана фотосинтез менен байланыштуу. Негизги Ткандардын клеткалары көбүнчө түрдүү азык заттарды (белок, май, крахмал) топтоп, алар жыйноочу кызмат аткарат. Механикалык Ткандар таяныч кызматын аткарып, клеткаларынын түзүлүшүнө жараша колленхима, склеренхима жана склереид типтерине айырмалат. Өткөргүч Ткандар топурактан тамыр аркылуу алынган сууну, минерал заттарды жана зат алмашуунун натыйжасында пайда болгон продуктуларды өсүмдүктүн бир жеринен экинчи жерине өткөрөт. Алар ар түрдүү клеткалардан туруп, өсүмдүк тканынын сөңгөгү менен өзөгүн түзөт. Сөңгөктөн - жыгачка айланган түрдүү формадагы түтүкчө түрүндөгү заттар өтөт. Ал эми була аркылуу орг. заттардын эритмеси жылат. Бөлүп чыгаруучу Ткандар өсүмдүк тиричилигинде пайда болуп, кийин кызматы токтойт.

2016-08-10 1052 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10