Тянь-Шань тоо системасы


Тянь-Шань (Кытайча|天山山脈|天山山脉|Tiānshān shānmài, уйг.|تەڭرىتاغ}}|Тәңри тағ, каз.|Тәңір шыңы, Тәңір тау, өзб.|Tyan Shan)— Борбордук Азиядагы Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Кытай чек араларында жайгашкан тоо системасы.

Тянь-Шань аталышы кытай тилинен (天山) «асман тоолору» дегенди билдирет. Түркчө аталышы — Тәңір (Тенгри, Тенир, Тенгир, Аспан)- тау.

Тянь-Шаняь системасына бийиктиги 6000 метрден ашкан чокулар кирет. Тоо системанын эң бийик чокусу болуп Кыргыз жана Кытай чек араларында жайгашкан Жеңиш пиги эсептелет (Томур, 7439м), андан кийин бийиктиги боюнча — Кыргызстан менен Казакстан чек арасындагы Хан-Теңгри чокусу турат (Кантау, 7010м). КЭР, Кыргызстан жана Казакстан өлкөлөр арасында Хан-Теңгри пиги бул үч малекетке тең тңиешелүү экендиги тууралуу биргелешкен келишим кабыл алынган. Буга чейин чокунун бул же тигил мамлектке тиешулүү деген талаш-тартуулар пайда болуп келген. Ошондой болсо да, пик Кытайдын батыш чек арасынан 12 км аралыкта жайгашкан. .

Борбордук Тянь-Шандан батышты карай өрөөндөр менен бөлүнгөн(Ысык-Көл көлү, Ат-Башы ж. б. өрөөндөр ) үч тоо кыркасына ажырап кетет да батыштан биригет (Фергана тоо кыркасы).

Чыгыш Тянь-Шанда эки параллелль тоо кыркасы (бийиктиги 4-5 миң м.) өрөөндөр менен бөлүнгөн (бийиктиги 2-3 миң м.).Мөңгүлөрдүн жалпы аянты - 7,3 миң чарчы/чакырым, эң чоңу Түштүк Эңилчек.

Батыштан чыгышка карай Тянь-Шандын узундугу 2500км.

Тянь-Шанды изилдеген биринчи европалык окумуштуулардан болуп Пётр Петрович Семёнов эсептелет (1856 ж.). Бул эмгеги үчүн ал «Семёнов-Тян-Шанский» деген наамды алган.)

2016-08-10 86 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10