Тиват пикрит кооз ташы кени


Тиват пикрит кооз ташы кени Ош облусунун Араван районунда, Тиват кыштагынан 1 км батыш, түндүк-батыш тарапта, Аравансай суусунун оң өйүзүндө. Кен аймагын девон мезгилинде пайда болгон жанартоо тектери түзөт. Пикрит силла формасындагы жанартоо тектеринин арасында жатат. Аянты 0,1 км2, калыңдыгы 100–150 м, узундугу 200–300 м. Пикрит тоотеги жаракалар менен тилмеленип, 1 м3ге чейинки бөлүктөргө бөлүнгөн. Майда бүртүкчөлүү, негизинен оливинден туруп, өңү каралжын боз түстө. Сайкалдангандан кийин капкара баркыттай жалтырайт. Имараттын дубалын кооздоп каптоочу жана майда кооз буюмдарга жарактуу материалдарды алууга болот. Запасы 2 млн м3 .

2016-08-10 29 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10